• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев аймактарды өнүктүрүү маселелери боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 04.05.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен өзгөчө кырдаалдардан алдын ала коргоочу чараларды көрүү жана аймактарды өнүктүрүү маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы белгилегендей, жаз мезгилинин жаан-чачындуу болушуна байланыштуу калктуу аймактарды жана жашоону камсыз кылуу объекттерин суу каптоо, сел, жер титирөө жана жер көчкү процесстеринен алдын ала коргоо атайын чараларын көрүүнү күчтөндүрүү зарыл.

«Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чараларынын комплексин ыкчам тартипте ишке ашыруу керек. Биринчи кезекте өзгөчө кырдаалдар тобокелдиги бар участоктордо адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу кажет. Биз калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жер-жерлерде иштеп, жарандарыбызга жардам көрсөтүү боюнча иштерди башкарууга тийишпиз», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы бардык потенциалдуу кооптуу тилкелерде алдын ала коргоочу чараларын өз убагында жүзөгө ашыруу боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү, фискалдаштыруу, ичүүчү суу менен камсыздоо жана көмүскө экономика менен күрөшүү чөйрөлөрүндө мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын ишке ашыруу маселелерине токтолду.

«Сиздер кыйла активдүү иштеп, учурдагы көйгөйлөрдү тыкыр талдап жана аймактарда адамдардын жашоосун жакшыртууга багытталган демилгелерди көтөрүүгө тийишсиздер. Өз ишиңерди пландаштыргыла. Мисалы, айыл чарбасын насыялоо маселеси боюнча силердин үнүңөрдү уккан жокпуз. Бүгүн биз мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттар натыйжалуу жумшалуусу үчүн насыяларды максаттуу пайдалануу механизмдерин киргизүү керектигин көрүп турабыз. Бул үчүн силер коммерциялык банктар, башка финансы институттары жана дыйкандар менен түздөн-түз активдүү иштешиңер керек», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы өзгөчө баса белгилегендей, өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын ветеринардык тутуму Евразия экономикалык биримдигинин ченемдерине эквиваленттүү деп таанылгандыгын эске алганда бул иштер маанилүү болуп саналат.

«Биз экспортко багытталган айыл чарба өндүрүүчүлөрүбүз түзүлгөн мүмкүндүктөрдү натыйжалуу пайдалануулары үчүн бардык шарттарды түзүүгө тийишпиз. Бул импортту алмаштырууда жаңы жетишкендиктерге жетишүүнү шарттап, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга өбөлгө болот», - деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, бул ишти натыйжалуу аткаруу жарандардын кызыкчылыктарына жооп берет жана Президент Сооронбай Жээнбековдун аймактарды өнүктүрүү боюнча көрсөткөн багытына дал келет.

Пикир

Оставить комментарий