• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев: Аймактарды өнүктүрүү тууралуу айтканда, эң ириде, айыл чарбасын өнүктүрүүнү ойлойбуз

Өкмөт 0

Бишкек, 16.07.19. /Кабар/. «Аймактарды өнүктүрүү тууралуу айтканда, эң ириде, айыл чарбасын өнүктүрүүнү ойлойбуз», – деп билдирди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы «Таза-Жан» айыл чарба кооперативинин базасында өткөн республикалык семинарда.

Өкмөт башчы өз сөзүндө белгилегендей, көптөгөн жылдар бою айыл чарба тармагына мамлекет тарабынан тийиштүү көңүл бурулбай келгендиктен бүгүн тармакта чечилбеген маселелер көп.

«Калкыбыздын 70% айыл жеринде жашайт жана бул багытта алектенет. Өкмөттүн артыкчылыктуу милдеттеринин бири – тармактын өтө зарыл маселелерин чечүү. Атамекендик айыл чарбанын негизги көйгөйлөрүнүн бири катары асыл тукум чарбасынын начар өнүгүүсүн жана багбанчылык үчүн жакшы үрөндөрдүн жоктугун белгилөөгө болот. Биздин дыйкандар эмгекчил жана иштегенди билишет. Бирок өндүрүлгөн продукциянын сапаты жакшы эмес. Сапаттуу үрөнсүз дыйкандардын эмгеги акталбайт. Жакында мен жумуш сапар менен Талас облусуна бардым. Ал жакта өзүңүздөр билгендей, негизинен төө буурчак өстүрүшөт. Бир гектардан дыйкандар орточо эсеп менен бир тонна төө буурчак алышат. Бул жакшы. Бирок биз аларга жардам берели деп, Түркиядан үрөндүн жаңы түрлөрүн алып келдик. Эми түшүм кандай болорун күтүп жатабыз. 1 гектардан 4 тоннага чейин төө буурчак жыйнап алуу пландалууда. Бул буга чейинки жылдардын көрсөткүчтөрүнө караганда төрт эсе көп. Мал чарбасы тармагында да колдоо чараларын күчөтүп жатабыз. Ирригацияны өнүктүрүү боюнча чоң пландар бар. Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселени жеке көзөмөлүндө алып турат. Өкмөт жаңы бассейндерди жана каналдарды куруу, учурда болгон ирригациялык түйүндөрдү тазалоо, сугаттын жаңы ыкмаларын киргизүү боюнча чараларды көрүүдө», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле өкмөт башчы малчыларды жана дыйкандарды бир кыйла активдүү болууга, мамлекет тарабынан айыл чарбасын жеңилдетип каржылоого бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга жетишүүгө чакырды.

Мындан тышкары премьер-министр белгилегендей, кооперативдерди жана ассоциацияларды түзүү маанилүү. Бул рыноктун талаптарына дал келип, мамлекеттин натыйжалуу колдоо көрсөтүшүнө шарт түзөт.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Мухаммедкалый Абылгазиев фермерлерге айыл чарба техникасын лизингге алууга сертификат тапшырып, айыл чарба продукциясынын көргөзмөсүн көрүп чыкты.

Пикир

Оставить комментарий