• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев: Аймактарды өнүктүрүү жылында билим берүү, медициналык көмөк көрсөтүү сапатын жогорулатууга көңүл бурулат

Өкмөт 0

Бишкек, 12.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 12-сентябрда, Ош облусуна эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Чоң-Алай районунун Шибээ жана Кулчу айылдарындагы орто мектептердин ачылыш салтанаттарына катышты. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Салтанатты ачууда Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан тургундарды бул кубанычтуу окуя менен куттуктады.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Өкмөт балдардын сапаттуу билим алуусу үчүн тийиштүү шарттарды түзүүгө умтулууда.

«Быйылкы жылы өлкөдөгү бардык мектептер окуучулардын заманга жараша билим алуусу, билимин өнүктүрүүсү үчүн Интернетке кошулат. Үүстүбүздөгү жылы биз 150 социалдык объект ачууну пландаштыруудабыз, болжол менен алганда анын 70и – билим берүү объектилери. Буга катар республиканын бардык мектептеринде англис тилин тереңдетип окутууну киргизүү пландаштырылууда. Учурдагы шарттарда бул нерсе зарыл, анткени балдар бир нече тилде эркин сүйлөй билүүсү шарт. Бул нерсе алар үчүн келечекте чоң мүмкүндүктөрдү ачат», – деди Премьер-министр.

Мунун менен катар Мухаммедкалый Абылгазиев кошумчалагандай, көп нерсе ишине берилүү жана жоопкерчилик менен мамиле кылган мугалимдерден көз-каранды.

«Мугалим болуу – бул тубаса шыкты талап кылат, жана алар өз билимин өсүп келе жаткан муунга толугу менен өткөрүп берүүсү керек. Эгерде педагог мыкты иштесе, анда анын айлыгы да жогору болот. Бардык жерде тартип бролушу керек. Бул чиновниктерге да, дарыгерлерге да, мугалимдерге да тийиштүү», – деди Өкмөт башчы.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев бул мектептин курулушу үчүн жеке менчик жер тилкесин бөлүп берген жергиликтүү тургунга ыраазычылык билдирди.

«Бул адамдын өз ыктыяры менен билим берүү тутумуна жана ушул райондо жашаган балдардын келечегине зор салым кошуп жаткандагы – жарандуулуктун мыкты мисалы жана үлгүсү. Жакынкы айылдардын бардык жашоочулары сиздин бул кылган ишиңизди унутта калтырышпайт», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев жана аны өкмөттүк сыйлыкка көрсөтүүнү буйруду.

Жыйынтыгында Премьер-министр кошумчалагандай, көрсөтүлгөн эки жаңы билим берүү мекемелерине компьютердик жабдуулар белекке берилет.

Шибээ жана Кулчу айылдарынын тургундары үстүбүздөгү жылдын май айында жер титирөөнүн кесепетинен жабыркаган социалдык объектилер менен турак үйлөрдү калыбына келтирүүдө көрсөтүлгөн жардамы жана өзгөчө көңүл буруусу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Маалымдама: Шибээ айылындагы спорттук залы бар орто мектептин курулушу 2017-жылы 62 млн сом өлчөмүндөгү республикалык бюджеттин эсебинен башталып, 150 окуучуга каралган.

Кулчу айылындагы мектептин курулушу 2017-жылы башталып, ал да 150 окуучуга ылайыкташылган. Анын курулушу үчүн республикалык бюджеттен 52 млн сомдон ашык бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий