• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев: Аймактык кластерлерди түзүү аркылуу айыл чарбасынын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу керек

Өкмөт 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Агроөнөр жай тармагында жогорку квалификациялуу адистер болмоюнча ата мекендик айыл чарбанын мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу ишке ашыруу мүмкүн эмес. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын алкагында уюштурулган агрономдордун республикалык конференциясында билдирди.

«Союз маалында агроном кесибине суроо-талап чоң жана абдан ардактуу болгону барыбыздын эсибизде. Бардыгы агроном, технолог, мал багуучу багытында билим алууга аракет кылчу. Союздун тарашы менен бардыгы өзгөрүп, агрардык университеттин коридорлору бош болуп калган учурлар дагы болгон. Бул жагдай, албетте, биздин экономикага таасирин тийгизген. Адистердин жоктугу түздөн-түз чыгарылган продукциянын сапатына жана жалпы эле айыл чарбасынын өнүгүшүнө таасирин тийгизген. Учурда айыл чарбанын жандануу тенденциясы байкалууда жана агроном болууну каалаган жаштар дагы көбөйүүдө. Бул биздин жарандардын рыноктун келечегин көрө билгендигинин натыйжасынан улам болууда», - деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн баарынан биринчи дыйкан чарбалардын кооперация инструментин дээрлик активдүү колдонуу зарыл экенин белгиледи.

«Союз кулаганда 500гө жакын колхоз жана совхоз жоюлуп, алардын жерлерин миңдеген адамдарга бөлүп берген. Натыйжада учурда көптөгөн чакан чарбалардын ар бири эмнени туура көрсө ошону эгип жатат. Бул олуттуу кесепеттерге, баарынан биринчи системалуу ыкманын жетишсиздигине, айыл чарба продукцияларынын сапатынын начарлашына жана албетте, суроо-талаптын төмөндөшүнө байланыштуу маселелерге алып келет. Евразия экономикалык бирлигине кошулуу менен биз үчүн чоң рынок ачылды, бирок бардык эле ата мекендик фермерлер жана дыйкандар ал жакка өз продукциясын сата албайт. Өз продукциясын экспорттоону жолго салгандар менен катар эле мүмкүнчүлүктү толук кандуу пайдалана электер дагы көп. Мен чакан чарбаларды бириктирип, аймактык айыл чарба кластерин түзүү керек деп ойлойм. Тагыраак айтканда, бул дээрлик сапаттуу, суроо-талап чоң продукцияны керектүү көлөмдө өндүрүү мүмкүнчүлүгү», - деди ал.

Абылгазиев өкмөт айыл чарбасын мындан ары да колдоону жана бул багытты өзүнүн ишинин негизги артыкчылыктарынын бири катары кароону уланта берерин белгиледи. Ал жакында эле бекитилген «Айыл чарбасын каржылоо – 8» программасын мисал келтирип, анын негизинде фермерлер жана дыйкандар жеңилдетилген насыя ала аларын айтты. Ал кошумча нарк чынжырчасын жана айыл чарба класстерин киргизүү ыкмасын колдонгондорду жеңилдетилген шартта каржылоого багытталганын кошумчалады.

Ал, айыл чарбасын каржылоого багытталган акчанын суммасы жылдан-жылга өсүүдө жана келечекте дагы көбөйө берерин өзгөчө белгиледи.

Премьер-министр мындай республикалык конференциянын актуалдуулугун жана өз убагында уюштурулганын белгилеп, анын катышуучуларына ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий