• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев Айыл чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 15.11.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ата мекендик айыл чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайынын кызматкеринин күнү менен куттуктады.

Өкмөт башчынын куттуктоо тексти:

Урматтуу дыйкандар, фермерлер жана айыл чарбасынын ардагерлери!

Ар күнү жер менен иштегендердин баары сый-урматка жана ардактоого татыктуу. Табигый-климаттык татаал шарттарга, ресурстардын жетишсиздигине карабастан, силер зор натыйжаларга жетишип, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого чоң салым кошуп келесиздер. Муну эске алып, айыл чарба эмгекчилерине өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет.

Акыркы жылдары мамлекет айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө алгылыктуу колдоо көрсөтө баштады. Айыл чарба техникасын, жогорку түшүмдүү үрөн жана асыл тукум мал алууга берилген жеңилдетилген насыялар жалпысынан айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана анын ичинде айыл жеринде жашоо деңгээлин жакшыртууга шарт түзөт. Бүгүнкү күнү «Айыл чарбасын каржылоо – 7» долбоорунун алкагында 5 млрд сомдон ашык 9884 насыя берилди.

Учурда мамлекеттик колдоо жана эл аралык финансы институттары аркылуу айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча бир нече ири долбоор жүзөгө ашырылып жатат. Бул, албетте, айыл калкынын жашоо сапатын жакшыртууга шарт түзөт. Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин биздин дыйкандар өз продукциясын интеграциялык биримдиктин катышуучу мамлекеттеринин рыногуна экспорттоо мүмкүндүгүн алышты. Россия Федерациясынын техникалык колдоосунун алкагында фитосанитардык лаборатория курулуп, бир фитосанитардык лаборатория капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ишке берилди. Бүгүнкү күнү айыл чарбасына тийиштүү 13 техникалык регламент иштелип чыккан.

Мисалы, ЕАЭБ реестрине 2015-жылы – 8, 2016 жылы -15, 2017-жылы 16, 2018-жылы 27 жана быйыл – 21 ишкана киргизилген. Бүгүнкү күндө республика боюнча 87 ишкана реестрге киргизилди, алар биримдиктин талаптарына толук жооп беришет.

Ата мекендик айыл чарбасын келечеги кең деп ишенем. Анда эмгекти механизациялоого, алдынкы технологияларды жана илимий жетишкендиктерди, кооперацияларды пайдаланууга бир кыйла маани берилет.

Урматтуу айыл чарба кызматкерлери жана ардагерлери!

Бүгүнкү майрам күнү Сиздерге чың ден-соолук, үй-бүлөңүздөргө бакубат жашоо жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм.

Пикир

Оставить комментарий