• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев айыл чарба тармагындагы мамлекеттик органдардын ишин сынга алды

Өкмөт 0

Бишкек, 17.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 17-майда, өлкөнүн айыл чарба тармагынын актуалдуу маселелерин талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы республиканын калкынын көпчүлүк бөлүгү айыл жергесинде жашагандыктан жана алар жер иштетүү жана мал чарбачылыгы менен алектенгендиктен, айыл чарбасы атамекендик экономиканын маанилүү сектору катары саналаарын баса белгиледи.

Премьер-министр айыл чарбаны өнүктүрүү – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы катары Жарлыгын ишке ашыруу алкагындагы маанилүү багыттардан болушу тийиштигин баса белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев кластердик өнүктүрүү жана тигил, же бул облусту белгилүү айыл чарба өсүмдүктөрүнө карай адистештирүү аркылуу аймактардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өкмөт башчы тармактын көптөгөн маселелери бир нече жылдар бою чечилбей келе жаткандыгын өкүнүү менен белгилеп, айыл чарба тармагындагы мамлекеттик органдардын ишмердигин сынга алды. Аны менен катар жер-жерлерде калк арасында өз ара аракеттешүү жана түшүндүрүү иштерин күчтөндүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биз облустардагы адамдардын жөнөкөй маселелерин чечүүбүз жана алдыга ишке аша турган милдеттерди коюшубуз керек. Ар бир айылда башка дыйкандарга үлгү боло ала турган, жок дегенде бирден квалификациялуу фермер болуусу керек», - деди ал.

Премьер-министрдин айтымында, калкыбыз Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин ишинин натыйжалуу жыйынтыгын көрбөй жатат.

«Министрлик айыл чарбанын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштиктүү механизмдерди иштеп чыгуусу кажет. Ар дайым эле көйгөйдүн чечилиши акча каражатына барып такалбайт. Мамлекеттик органдардын ишин ирээтке келтирип, бул багыттагы айрым функцияларды ажыратуу зарыл», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы жер саясатын аныктоо жана жерди трансформациялоо боюнча функцияны конкреттүү бир мамлекеттик органга өткөрүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле ал ветеринардык көзөмөл жаатындагы функцияларды тартипке келтирүү зарылдыгына токтолду.

Премьер-министр өлкө ЖОЖдорунда агрардык тармактын адистерин даярдоо тийиштүү түрдө жүргүзүлбөй жаткандыгын белгилеп, ал аймактардын суроо-талабы жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүлүшү керектигин билдирди. Анын айтымында, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги облустардагы эң таасирдүү мамлекеттик орган болушу зарыл, буга байланыштуу ал Министрликтин ишмердигинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана күчтөндүрүүнүн маанилүүлүгүнө басым койду.

Мухаммедкалый Абылгазиев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине өлкөнүн агрардык тармагын реформалоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча конкреттүү сунуштарды бир айлык мөөнөттө кароого киргизүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий