• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: «Айыл чарбасын каржылоо» долбоору айыл чарбасын өнүктүрүүнүн маанилүү инструменти болуп саналат

Өкмөт 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. «Айыл чарбасын каржылоо» долбоору айыл чарбасын жана жалпы эле реалдуу экономиканы өнүктүрүүнүн маанилүү инструменти болуп саналат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Айыл чарбасын каржылоо - 8» долбоорун жүзөгө ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол коюп жатып билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Айыл чарбасын каржылоо - 8» долбоору боюнча жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгүн жылда 10 миңден ашык жараныбыз пайдаланат. Ал айыл чарбасынын негизин түзгөн асыл тукум жана үрөн чарбаларын жакшыртууга багытталган. Калк мындай жардамга муктаж», - деп белгиледи Премьер-министр.

«Айыл чарбасын каржылоо – 8» долбоорун жүзөгө ашырууга 1 млрд. 250 млн. сом каралды. Бул чакан жана ири айыл чарба өндүрүүчүлөр, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайын каржылоого жумшалат.

Зайымчылар үчүн акыркы пайыздык чен төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:

- чакан айыл чаба өндүрүүчүлөр үчүн, анын ичинде жеке жактарга - «ФСХ-Фермер» категориясы боюнча 10 пайыз;

- ири айыл чарба өндүрүүчүлөр үчүн – 8 пайыз;

- тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы ишканалары үчүн – жылына 6 пайыз.

«Айыл чарбасын каржылоо - 8» долбоору кошумча нарк чынжырчасын жана айыл чарба класстерин киргизүү ыкмасын колдонгондорду жеңилдетилген шартта каржылоого багытталган. Долбоордун жалпы суммасы быйыл 6 млрд. сомдон ашат. Бул учурдагы чарбаларды гана иргелештирбестен, экспорттук потенциалды арттырып, азык-түлүк коопсуздугун сактайт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Белгилей кетсек, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана өлкөнүн агроөнөр жай комплексинин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2013-жылдан бери «Айыл чарбасын каржылоо» долбоору ишке ашырылып келе жатат.

Премьер-министр буга чейин насыянын ушул линиясы боюнча берилгендерге анализ жүргүзүүнү жана өлкөнүн айыл чарбасынын өнүгүшү үчун кандай натыйжа бергенин аныктоо тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий