• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев: Айыл чарбасын колдоо аймактарды өнүктүрүүнү шарттайт

Өкмөт 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. Айыл чарбасын колдоо аймактарды өнүктүрүүнү шарттайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусундагы Араван районунун Интернационал айылындагы күнөскана комплексинин иши менен таанышуу учурунда билдирди.

Өкмөт башчыга айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн технологиясы жана күнөскана комплексине киргизилген өндүрүштүк жаңы ыкмаларын көрсөтүштү.

Фермерлер Премьер-министрге жергиликтүү элдин иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн күнөскана комплекси чек арага жакын жайгашкан райондо жаңы жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк түзгөнүн айтып беришти.

Мухаммедкалый Абылгазиев дыйкандарды колдоо мультипликативдүү натыйжа бериш керектигин жана аймактарды өнүктүрүүнү шартташы зарыл экенин белгиледи.

Ал дыйкандар жана айыл чарба тармагында иштеген экономикалык ишмердүүлүк субъектилери үчүн жеңилдетилген насыянын көлөмүн көбөйтүү максатында каражаттарды издөө менен Өкмөт мындан ары да тармакты колдоо чараларын күчөтөрүн белгиледи.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосунда түзүлгөн Стратегиялык келишимдин алкагында келип түшкөн 5 млрд сом аймактарды колдоого жана жаңы өндүрүш ишканаларын ишке киргизүүгө багытталат. Бул дыйкандардын кирешесин көбөйтүүнү, кошумча жумушчу орундарын түзүүнү жана жеринде экономикалык абалды жакшыртууну шарттайт.

Өкмөт башчы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине күнөскана чарбаларын өнүктүрүүнүн актуалдыштырылган долбоорлорун даярдоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте конкреттүү долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн бизнес өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий