• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев: Айылдын көйгөйлөрү чечилмейин - мамлекеттин экономикасы өнүкпөйт

Өкмөт 0

Бишкек, 28.02.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Айылдын көйгөйлөрү чечилмейин - мамлекеттин экономикасы өнүкпөйт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн “Аймактарды өнүктүү боюнча улуттук диалог” аттуу конференциянын экинчи күнүн ачып жатып билдирди.

Анын айтуусу боюнча, эки күндөн бери эң актуалдуу, маанилүү маселелер каралып жатат. 2016-жылы ушундай ири жыйын өткөрүүгө камынып, бирок өтпөй калган. “Ошол максатка эми жеттик. Конференция ошол кезде өткөндө азыр диалог башкача болмок. Кечээ Президент өз сөзүндө көп ой-пикирлерди айтты, саясий пикирден баштап, айылда жашап жаткандардын маселелери да камтылган. Президент кызматка жаңы келип, анын биринчи эле жарлыгы аймактарды өнүктүрүү болгон. Өлкө башчысы ушундай айыл жергесинин көйгөйлөрүнө көңүл буруп жатканы абдан маанилүү. Биз ага кубанышыбыз керек. Анткени буга чейин айыл көйгөйлөрүн биз качан эстечү элек, саясий иш-чаралар, шайлоолор болгондо гана”, - деди премьер.

Пикир

Оставить комментарий