• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Абылгазиев Ак-Талаадагы көпүрөнү калыбына келтирүү иштерин 15-июнга чейин жыйынтыктоону тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 08.06.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 8-июнда, Нарын облусу боюнча жумушчу сапарынын жүрүшүндө Ак-Талаа районундагы Ак-Талчат көпүрөсүн калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевдин маалыматы боюнча, 1967-жылы курулган аталган көпүрөнүн узундугу 141 метрди түзөт. 2017-жылдын апрель айында жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында көпүрө тирөөчтөрүнүн суу астында калгандыгы аныкталган. Азимкан Жусубалиев учурда реконструкциялык иштер дээрлик жыйынтыкталгандыгын билдирди.

Өкмөт башчы жакынкы калктуу пункттардын тургундары менен жолугушту. Алар Өкмөт башчыга аталган көпүрөдөгү оңдоо иштерин тездетүү жана Нарын дайрасынын жээгин чыңдоо ишин өз учурунда жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылышты.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Ак-Талчат көпүрөсү аймактын ички каттамында маанилүү транспорттук түйүн болуп санлат. Премьер-министр Транспорт жана жолдор министрлигине көрсөтүлгөн иштердин үстүбүздөгү жылдын 15-июнуна чейин сапаттуу бүткөрүлүшүн камсыздоону тапшырды.

Ошондой эле Өкмөт башчы жергиликтүү тургундарга кайрылып, аймактарды өнүктүрүүгө өз салымын кошууга чакырды.

«А бир айылда жер иштетүү жана мал чарбачылыгы менен алектенгендер бар. Жаңы технологияларды жана бизнести жүргүзүү ыкмаларын пайдалануу аркылуу өз ишкердүүлүгүңүздөрдү өнүктүрүүңүздөр зарыл» - деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий