• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө жайына барып, анын реконструкциялоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди

Өкмөт 0

Бишкек, 11.08.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 11-августта, Чүй облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө жайынын иши менен таанышты.

Өкмөт башчы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү жайынын өтмөлөрү жана инфраструктурасын көрүп чыгып, адамдарды өткөрүү шарттары менен таанышты.

Премьер-министрге көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоону баштоого даярдыктар тууралуу маалымдалды, анда эки имараттуу комплекстин курулушу, инфраструктураларды модернизациялоо, аны заманбап техника жана жабдуулар менен жабдуу каралган.

Бул кадам өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көбөйтүп, адамдардын көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу ыңгайлуу өтүү шарттарын камсыздайт.

Мухаммедкалый Абылгазиев пландалган реконструкцияны өз убагында жана сапаттуу аяктоо үчүн курулуш иштерин тыкыр даярдоону камсыздоону тапшырды. Ошону менен бирге Өкмөт башчы баса белгилегендей, көзөмөл-өткөрмө жайларынын негизги милдеттерин үзгүлтүксүз аткарылышына, тагыраагы адамдарды өткөрүүгө курулуш иштеринин таасири тийбеши маанилүү.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы (КР МЧК) Уларбек Шаршеев маалымдагандай, бүгүнкү күнү көзөмөл-өткөрмө жайынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү 10-11 миң адамга жана 800-1000 унаа каражаттарына чейин түзөт. Модернизациялоо аяктаганда өткөрүү жөндөмдүүлүгү эки эсе көбөйөт.

Премьер-министр айрыкча белгилегендей, өлкө Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанды ЕАЭБге интеграциялоонун алкагында Казакстан менен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө жайларын модернизациялоо жана реконструкциялоо экспортко чыгуучу атамекендик ишканаларды колдоого жана болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганын ырастаган.

«Биздин өлкөгө келген туристтерди көзөмөл-өткөрмө жайларынан тосуп алышат жана Кыргызстан жөнүндө меймандардын алгачкы таасирлери дал ушул өткөрмө жайларынан калыптанат. Мындан мамлпекеттин имиджи көз каранды. Мындан тышкары продукцияларын башка өлкөлөргө экспортко чыгарган атамекендик ишкерлер чек арадан тоскоолдуксуз өтүүгө тийиш. Туризм жана экспортту колдоо аркылуу биз жаңы жумуш орундарын түзүп, экономиканы өнүктүрүп жатабыз, бюджетке каражаттардын түшүүсү өсүүдө», – деп эскертти өлкө Президентинин сөзүн Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий