• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев: Акча-кредиттик саясаты 2018-жылы макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоого багытталган

Өкмөт 0

Бишкек, 12.04.19. /Кабар/. «Өкмөттүн акча-кредиттик саясаты 2018-жылы, биринчи кезекте, өлкөнүн экономикасында макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоого, инфляцияны белгиленген чектен ашырбай кармап турууга жана сомдун курсунун туруктуулугун сактоого багытталды», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик көпчүлүк коалициясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылкы ишмердүүлүгү жөнүндө отчету каралып жаткан учурда.

Өкмөт башчы белгилегендей, инфляция 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 0,5%ды түздү, бул ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн арасындагы абдан жакшы көрсөткүч.

«Сомдун курсу долларга карата 1,5%га төмөндөп, өнөктөш өлкөлөрдүн ичинде туруктуу валюталардын бири болуп калды. Муну менен бирге Өкмөт бүгүн өлкөнүн банк мекемелеринин ишинин ачык-айкындуулугун камсыздоонун үстүндө иштеп жатат. Менчиктин кандай түрүнө ээ болбосун, банктардын кызматтары ийкемдүү, жеткиликтүү жана социалдык багытта болушу керек. Эгерде адамдар жеке чарбаларды өнүктүрүү үчүн насыя алса, анда мындай кардарларды колдоого алып, аларга төмөнкү пайыздагы каражаттарды сунуштоого милдеттүүбүз. Муну менен банк да, алуучу да өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө жеке салымдарын кошот», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, экономиканы кредиттөө 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 130,5 млрд сомду түзүп, 18,2%га көбөйгөн.

Ал кошумчалагандай, мындай аракеттердин мультипликативдик үзүрү макроэкономикалык туруктуулук, ишканалардын түзүлүшү, жумуш орундары жана бюджет салыктары аркылуу ачык көрүнүп турат.

«Ишкерлердин кредит алуусун камсыздоо үчүн бюджеттен «Кепилдик фонду» ААК капиталдаштырууга 300 млн сом бөлүндү. Улуттук банк Фонддун капиталын 1 млрд сомго жеткирүүнү пландаштырып жатат. Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген насыяларды берүүнү көбөйтүү максатында өткөн жылы «Айыл банк» ААК капиталдаштырууга 1 млрд сом бөлүндү. Ошондой эле РСК банкты капиталдаштырууга катышуу тууралуу Россия-Кыргыз өнүгүү фонду менен бирге Евразия өнүгүү банкы менен жол картага кол коюлду», - деп белгиледи Премьер-министр.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы кошумчалагандай, 2018-жылдын декабрь айында Өкмөт тарабынан учеттук ставканын өлчөмүн 4,75%дын деңгээлинде төмөндөтүү боюнча чечим кабыл алынды, бул коммерциялык банктарга элге насыяларды төмөнкү ставкалар менен берүүгө жол ачат.

Пикир

Оставить комментарий