• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев Белорус жогорку технологиялар паркына барды

Коом 0

Минск, 27.11.18. /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Беларусь Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында Минсктеги “Жогорку технологиялар паркынын администрациясы” мамлекеттик мекемесине барды.

Жогорку технологиялар паркынын директору Всеволод Янчевский өкмөт башчысына мекеменин ишмердүүлүгү тууралуу айтып берип, бул ИТ-бизнестин ийгиликтүү өнүгүшүнө көмөктөшкөн атайын салыктык-укуктук режими бар өзгөчө экономикалык аймак экендигин белгиледи.

Парк экстерриториалдык принцип боюнча иш алып барган АКШдагы Кремний өрөөнүнүн белорустук вариантыкатары таанымал. Анда катталган компаниялар белорустук кеңсенин жайгашуу ордунан көзкарандысыз түрдө бардыксунушталган артыкчылыктардан пайдалана алышат.

Долбоордун баштапкы максаты – Беларусь Республикасында экспортко багытталган программалоо индустриясын, жаңы жана жогорку технологияларга негизделген башка экспорттук өндүрүштөрдү өнүктүрүү үчүн жакшы шарттарды түзүү.

Премьер-министр Жогорку технологиялар паркында иштеген мекендештер менен сүйлөштү.

Пикир

Оставить комментарий