• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев Алматы шаарына иш сапары менен келди

Өкмөт 0

Бишкек, 31.01.19. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматы шаарына (Казакстан) келди.

Жыйын эртең, 1-февралда болуп, анын жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде Биримдиктин күн тартибиндеги санариптик долбоорлорду ишке ашыруу механизмдери, ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин өз ара соода абалы, алардын экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо чаралары жана башка маселелер талкууланат.

Мындан тышкары ЕӨАК кезектеги жыйынына катышуунун алкагында Өкмөт башчы «Глобалдаштыруу доорундагы санариптик күн тартиби 2.0» Форумунун ишине катышмакчы.

Пикир

Оставить комментарий