• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев Алматыда "Глобалдаштыруу доорундагы санариптик күн тартиби 2.0" форумуна катышууда

Коом 0

Бишкек, 01.02.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казахстанга болгон иш сапарынын алкагында Алматы шаарында өтүп жаткан "Глобалдаштыруу доорундагы санариптик күн тартиби 2.0" форумуна катышууда.

Форум Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынынын алкагында уюштурулган.

Форумга ЕАЭБге мүчө болгон өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн башчылары, Евразиялык экономикалык комиссиянын төрагасы, эл аралык IT-компаниялардын жана IT-технопарктардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, бизнестин өкүлдөрү жана серепчилер катышууда.

Форумдун алкагында Абылгазиевдин сөз сүйлөөсү күтүлүүдө.

Ошондой эле форумдун соңунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлат.

Пикир

Оставить комментарий