• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев Алматыдагы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отурумуна катышат

ЕАЭБ 0

Бишкек, 30.01.20. /Кабар/. Эртең, 31-январь күнү КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстанга иш сапары менен барат.

Анын алкагында ал Алматыда өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отурумуна катышат.

Күн тартибинде 14 маселе каралат. Анын ичинен 10 маселе ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары тарабынан тар чөйрөдө, 4 маселе кеңири курамда каралат.

Отурумга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын өкмөт башчылары катышат.

Пикир

Оставить комментарий