• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев: Аналитикалык платформа түзүү санариптештирүүнүн кийинки кадамы болот

Өкмөт 0

Бишкек, 11.12.19./ Кабар/. Автоматташтырылган системаны жана посттордогу текшерүүчү комплекстерди бириктирген аналитикалык платформаны түзүү санариптештирүүнүн жана фискалдаштыруунун кийинки кадамы болот. Бул тууралуу КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Санариптештирилген командалык борбордо өткөн жыйында билдирди.

Иш-чарада салыктык фискалдаштыруу жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү маселелери талкууланды.

«Жогоруда айтылгандар өкмөттүн ишмердүүлүнүн артыкчылыктуу багыттары болуп саналат. Салыктык фискалдаштыруу жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү маселелери санариптештирүү саясатынын алкагындагы маанилүү милдеттерден. Бул багыттагы жумуштар мамлекеттик бюджеттин кирешесин бир кыйла көбөйтүү, көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу, аткезчилик аркылуу кирген товарларды кыскартуу менен көзөмөлдөөнүн ачык-айкын механизмин киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзөт», - деди премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев салыктык фискалдаштыруунун алкагында

патент электрондук формада берилүүдө, электрондук салык отчетун берүү системалары иштеп жатат, электрондук эсеп-фактураларын колдонуу боюнча пилоттук долбоору уланууда, ал эми 2020-жылдын 1-июлунан тартып алкоголдук жана тамеки продукцияларына санариптик маркировканы милдеттүү түрдө колдонуу киргизилип жатканын белгиледи.

«Ак-Тилек», «Чалдовар», «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрүү пункттарында автоматташтырылган салмак-габариттик көзөмолдөө системасы орнотулду. Мындан тышкары бажы жол-жоболорун санариптештирүүнүн алкагында 9 постко 472 видеокамера, 5 өткөрүү пунктуна инспекциялык-кароо комплекстери орнотулду. Аткарыла турган кийинки кадам, бажы жол-жоболорун санариптештирүүнун алкагында бардык системаларды жана комплекстерди бириктирүүчү аналитикалык платформаны түзүү болуп саналат. Бул аналитикалык система бажыдагы мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө шарт түзөт жана бажы жол-жоболорунун ачыктыгын камсыз кылат», - деди өкмөт башчы.

Жыйындын соңунда тармактык мамлекеттик органдарга 2020-жылы ишке бериле турган салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагындагы системаны сапаттуу жүзөгө ашырууну камсыз кылуу, бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча мекемелик жумуш топ түзүү, жүктү бажы постунан убактылуу сактоочу кампага чейин жеткирүүдө жүк ташуучу транспорт каражаттарын мониторинг кылуу боюнча аналитикалык системаны иштетүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий