• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Абылгазиев Апрель революциясында курман болгондордун жакындары жана жабыркагандар менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 06.04.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2010-жылы Апрель революциясында курман болгондордун туугандары жана жабыркагандар менен жолугушту.

Жолугушууга «Мекен шейиттери», «Жаркын Элес», «Эр Теги», «Айкөл Ала-Тоо», «Апрель Баатырлары», «Апрель. Элим. Кыргызстан», «Апрель Баатырлар Биримдиги», «Айкөл Таза коом» жана «Баатырларга таазим» коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү катышты.

Өкмөт башчы өз сөзүндө 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардын Кыргызстандын элинин тагдырындагы өзгөчө маанисин белгиледи. Ал баса көрсөткөндөй, Апрель революциясы өлкөнү үй-бүлөлүк-кландык башкаруудан арылтып, демократиялык өнүгүү жолуна түшүүгө шарт түздү.

«Революцияны карапайым адамдар жасашты, алар ак ниеттери менен адилетсиз, үй-бүлөлүк башкарууга каршылык көрсөтүштү. Биз ошол окуяларды ар дайым эсибизде сактоого тийишпиз жана биздин курман болгон жарандарыбыздын элесин унуткара албайбыз. Бул окуялар болбосо, өлкөнүн заманбап тарыхы кандай нукта кетмек экендиги белгисиз», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал ошондой эле белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгына ылайык кечээ Апрель элдик революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлгөн. Мухаммедкалый Абылгазиев ырастагандай, ушул Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында бардык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча тийиштүү чаралар көрүлмөкчү.

Премьер-министр кошумчалагандай, Өкмөт Апрель революциясында жабыркагандарга жана курман болгондордун туугандарына социалдык маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтүүнү улантат.

«Өкмөт сиздер менен сүйлөшүүгө дайым ачык жана ар тараптуу жардам көрсөтүүгө күч-аракеттерин салууну улантат. Биз туруктуулук жана тынчтык жок өлкөдө өнүгүү мүмкүн эмес экендигин түшүнүүгө тийишпиз», - деди Өкмөт башчы.

Соңунда Мухаммедкалый Абылгазиев бул коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнө өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий