• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: Ар-бир ата-эне баласынын адискөй мугалимге туш келишин каалайт

Аймак 0

Бишкек, 09.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылындагы О.Жакишев атындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Өз сөзүндө Өкмөт башчы айылдын жашоочуларын жаңы мектептин ачылышы менен куттуктады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өткөн жылы сел агымдарынан кийин бул райондо жаңы мектепти куруу чечими кабыл алынганын эскертти. «Биз кабыл алган чечимдердин жана өз убагында аткарылган иштердин аркасында бүгүн биз жаңы мектептин ачылышына катышып отурабыз. Анын курулушунун жүрүшү менен өлкө Премьер-министри кезинде Президент Сооронбай Жээнбеков дагы таанышкан», - деди Өкмөт башчы жана Үч-Эмчек айылынын тургундарына Мамлекет башчынын атынан салам айтып, жакшы каалоо-тилектерин жеткирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, Өкмөт билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруп, ага бюджеттин дээрлик беш бөлүгүн багыттайт.

«Өткөн айда гана өлкө боюнча 30 жаңы мектеп өз эшигин ачты. Жыл соңуна дейре биз 150 ашуун билим берүү, маданият жана спорт объектилерин ишке беребиз. Биз мектептердин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жана өлкөнүн эң алыскы райондорундагы мектептерди интернет менен камсыздоо маселесин чечүүгө аракеттенүүдөбүз», - деди ал.

Өкмөт башчы мектептеги билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселесине өзгөчө басым жасады. «Ар-бир ата-эне баласынын мыкты билим берүүгө жөндөмдүү күчтүү, адискөй мугалимге туш келишин каалайт. Ушундан улам биз мугалимдер өзөн-өзү өркүндөтүүсү, окутуунун заманбап ыкмаларын өздөштүрүүсү, балдарга тийиштүү деңгээлдеги билим берүүсү, алардын билимдүү болуп, ийгилик жаратуусуна шык берүүсү үчүн мугалимдердин ишин баалоонун жаңы критерийлерин коюудабыз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы ошондой эле ата-энелерди да балдардын билим алуусуна тийиштүү көңүл бөлүүгө, аларга шарт түзүп, окуусуна көмөк көрсөтүүгө чакырды. «Мындай нерселерге көңүл бурбаган ата-энелер өз баласынын келечегине бөгөт коет, анткени, учурда билимдүү адамдар талап кылынат», - деп белгиледи Премьер-министр.

Жыйынтыгында Өкмөт башчы мектептин компьютердик классы үчүн жабдуу алууга сертификат тапшырды жана мектепти кыдырып чыгып, окуучулар жана мектеп жамааты менен маектешти.

Пикир

Оставить комментарий