• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев: "Ар бир жетекчи "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн жеке жоопкерчилик алат

Өкмөт 0

Бишкек, 13.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 13-июлда, "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруу жана "Түндүк" ведомство аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумун ишке киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жолдогу тартипти жана жол кырсыктарынын санын азайтууну камсыздоо жаатындагы иши коомчулуктун көңүл чордонунда турат. "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу маселеси бир нече жылдардан бери көтөрүлүп келе жатат. Бирок азырынча көрсөтө турган эч нерсе жок. Биздин долбоорду создуктурууга укугубуз жок. Мындан ары жетекчилердин актануулары жана ар кандай шылтоолору кабыл алынбайт. Эгерде сиздер алдыга коюлган милдеттерди аткара албасаңыздар, анда сиздерге мамлекеттик кызматта орун жок", - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев жана министрлерден жана ведомство жетекчилеринен долбоорду ишке ашыруу үчүн жоопкерчиликти өзүлөрүнүн кол алдындагыларга жүктөөнү токтотууну талап кылды.

Өкмөт башчы мамлекеттик органдын ар бир жетекчисинин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча долбоор алкагындагы милдеттенмелерди өз учурунда сапаттуу ишке ашыруусу үчүн жеке жоопкерчилигин аныктоону тапшырды.

"Санариптик өнүгүү боюнча эч кандай орун басарлар болбошу керек. Мамлекеттик органдын берилген тапшырмалардын ар бир пунктунун аткарылышына жеке жоопкерчилик алган жетекчиси гана болот", - деп белгиледи ал.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев жалданма уюмду тандоо үчүн сынак үстүбүздөгү жылдын 20-июлуна чейин жарыяланарын маалымдады.

"Иштелип чыккан техника-экономикалык негиздеме алкагында келишимди аткаруу шарты катары 38 кесилишти, 52 стационардык чекти эреже бузуларды фиксациялоочу камералар менен камсыздоо, ошондой эле 32 чекти көчмө аппараттык-программалык комплекстер менен жабдуу болуп саналат", - деди Бакыт Шаршембиев жана келишимдин аткарылышын кепилдик камсыздоонун көлөмү кескин жогорулатыларын белгиледи.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев мындай жол менен ар кандай ишенимсиз жана финансылык жактан мүмкүнчүлүгү жок компаниялардын катышуу ыктымалдыгын болтурбоону сунуштады.

"Кепилдик суммасы бир нече миллион АКШ долларын түзүшү керек. Муну менен биз долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууда жетиштүү финансылык ресурстарга жана тажрыйбага ээ татыктуу инвесторлорду тарта алабыз", - деди премьер-министр.

Кеңешменин жүрүшүндө ошондой эле "Түндүк" ведомство аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумун ишке киргизүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат сунушталды.

"Электрондук өз ара аракеттешүү борбору" мамалекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаева маалымдагандай, "Түндүк" тутуму мамлекет жана коом аралык өз-ара аракеттешүүнү жакшыртууга, чыгымдарды кыскартууга жана башкаруу натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, "Түндүк" тутуму - бул электрондук өкмөттүн негизи.

"Электрондук өз ара аракеттешүү тутуму – мамлекеттин иш алып баруусун жана жарандарга тейлөө көрсөтүүнү жакшыртуунун маанилүү баскычы. Мунун өзү санариптик экономикага өтүү болуп саналат. Ар бир мамлекеттик органдын милдети – "Түндүк" тутумун ишке ашыруу процессине толук жоопкерчилик менен мамиле кылуу болуп саналат", - деп жыйынтыктады өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий