• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев Аскар Мамин менен чек араны ачуу маселеси боюнча телефон аркылуу сүйлөштү

Өкмөт 0

Бишкек, 10.06.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаал талкууланды. Казак тараптын сунушу боюнча мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги бардык өткөрмө жайларды ачуу жана кыргыз-казак чек арасы аркылуу тоскоолдуксуз жүк ташууларды камсыздоо маселесин чечүү боюнча эки жактуу макулдашууга жетишилди.

Тараптар буга чейин жетишилген макулдашууларды эки тараптан колдой тургандыктарын ырасташты.

Ошондой эле сүйлөшүү учурунда коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүү маселелери жана COVID-19 калкты коргоо боюнча тараптар аркылуу көрүлгөн чаралар, мындан аркы кызматташуунун негизги багыттары талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий