• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев аскердик кийимдин атамекендик өндүрүүчүлөрүн колдоо механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 19.04.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев КРнын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин тиричилик тейлөө мамлекеттик комбинатына барып келди.

Өкмөт башчы комбинатта чыгарылган аскер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин формалык кийимдеринин үлгүлөрү менен таанышты.

Ишкана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн реформалоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети тарабынан 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлерине аскердик кийим тигүүнү уюштуруу максатында № 6 аскер шаарчасынын аймагында түзүлгөн.

Комбинаттын негизги милдети Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлерин камсыз кылуу үчүн аскер кийимин жана башка формалык кийимдерди үзгүлтүксүз тигүүнү уюштуруу болуп саналат.

Өндүрүш имараттарын көрүп чыгып жана аскер кийимин тигүүнүн технологиялык процесси менен таанышкан соң Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо боюнча таасирдүү чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи, бул жумуш орундарын түзүүнү, жеңил өнөр жайын өнүктүрүүнү жана социалдык маселелерди чечүүнү шарттайт.

Бул максаттарда Өкмөт башчы жергиликтүү комбинаттардын мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп чыгып, сапаттуу аскер кийимин, жарак-жабдыктарды жана бут кийимдерди атамекендик өндүрүүчүлөрдөн сатып алууга бардык зарыл шарттарды түзүүнү тапшырды. Ошол эле учурда продукция сапаты жана баасы боюнча коюлган талаптарга жооп бериши керек.

Бирдиктүү мамлекеттик тапшырыкты ишке ашыруу үчүн Өкмөт башчы формалык кийимдер менен зарыл санда камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин тиричилик тейлөө мамлекеттик комбинатынын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгууну жана техникалык-экономикалык негиздемеси жана формалык кийимдерге керектөөнүн эсеби менен тиешелүү чечим долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүүнү тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына Кыргыз Республикасынын аталган мамлекеттик органдарынын карамагындагы тиричилик тейлөө комбинаттарынын сапатын, мүмкүндүктөрүн жана инфраструктурасын жакшыртуу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий