• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев «Astana Hub» эл аралык IT-стартап технопаркына жана «Нур Алем» павильонуна барды

Өкмөт 0

Бишкек, 17.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстан Республикасына жумушчу сапарынын алкагында «Astana Hub» эл аралык IT-стартап технопаркына жана «Нур Алем» павильонуна барды.

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев аталган объектилердин ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.

Атап айтканда, «Astana Hub» эл аралык IT-стартап технопаркы АКШдагы Кремний өрөөнүнүн казакстандык аналогу болуп саналат. Ал 9,6 миң чарчы метр аянтта жайгашкан, анда дарс залдары, лабораториялар, конференц-залдар, digital-компаниялардын кеңселери бар.

Андан соң Өкмөт башчы «Нур Алем» павильонунун экспозициясы менен таанышты, ал «Expo 2017 Astana» көргөзмөсү ачылганга дейре эле кеңири таанымал болгон.

Белгилей кетсек, «Нур Алем» павильону Казакстан Республикасындагы биринчи технологиялык келечектеги энергия музейи болуп саналат жана 8 кабаттан турат.
Андан соң Мухаммедкалый Абылгазиев казакстандык жаш IT-адистери менен жолугушту.

Баарлашуунун жүрүшүндө алар өз эмгектерин сунуштап жана Казакстан Республикасында ишке ашырылган инновациялык долбоорлор тууралуу айтып беришти.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өз тарабынан жаш адистерди Кыргыз Республикасына келип, кыргыз кесиптештери менен тажрыйба алмашууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий