• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев Астанага келди

Өкмөт 0

Бишкек, 02.11.18./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Астана шаарына (Казакстан Республикасы) келди.

КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны тар жана кеңейтилген чөйрөдө өткөрүлүп, жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат.

Мындан тышкары Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий