• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Абылгазиев атамекендик ишкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 20-сентябрда, өлкө ишкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Ишкерлеринин күнү менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

«Урматтуу ишкерлер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар – Ишкерлер күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Бул майрам биздин мамлекетибиздин өнүгүүсүндөгү ишкерликтин маанилүү жана зор ролун таануу болуп саналат. Биз абдан эмгекчил жана өжөр, өздөрүнүн жеке демилгеси менен аракеттенип, жашоонун түрдүү чөйрөлөрүндө өздөрүн көрсөтүп келишкен бардык ишкер жарандарыбыздын эмгегине жогору баа беребиз.

Ишкердик өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө, көптөгөн социалдык маселелерди чечүүгө, өндүрүштүн, салыктын көлөмүн жогорулатууга, элди иш менен камсыздоого жана коомдо социалдык-экономикалык туруктуулукту жогорулатууга зор таасирин тийгизип келет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишкердикти колдоодо бир топ аракеттерди көрүүдө, анын ичинде укуктук ченемдик актылар өркүндөтүлүүдө, административдик, фискалдык жөнгө салуулар кыскарууда, финансылык ресурстардын жеткиликтүүлүгү жогорулоодо. Кызыкчылыктардын тең салмактуулугуна жетишүү үчүн бизнес менен үзгүлтүксүз диалог жүргүзүлүүдө. Товарлардын, кызматтардын, капиталдын жана жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылы үчүн кеңири мүмкүндүктөрдү ачкан тышкы рынокко толук кандуу чыгуунун тийиштүү чаралары көрүлүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасын ишке ашыруунун алкагында биз мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүсү, бизнести жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, инвестицияларды тартуу, тоскоолдуктарды азайтуу жана мамлекеттин чарбалык иштерге кийлигишүүсүн төмөндөтүү саясатын улантуу ниетиндебиз.

Кыргыз Республикасынын мындан аркы өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүүсү үчүн баштагыдай эле биргеликте жигердүү иштейбиз деп ишендирип кетким келет.

Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, бакубатчылык, жаңы долбоорлор менен идеяларды ишке ашырууда жана бизнести өркүндөтүүдө чоң ийгиликтерди жана жаратмандыктарды каалайм!».

Пикир

Оставить комментарий