• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Абылгазиев: Атамекендик медицина тутумдуу өзгөртүүлөргө муктаж

Өкмөт 0

Бишкек, 04.08.18 /Кабар/ Атамекендик медицина тутумдуу өзгөртүүлөргө муктаж. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн жыйынында билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, саламаттык сактоо тутумуна бюджеттен 2018-жылга 17 млрд 305 млн сомго каражат каралган, бул ИДПга карата 3,5 % түзөт. 2000-жылы 1 млрд 210 млн сом бөлүнүп, 2,1%ды гана түзгөн. Бүгүн Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жылдарга карата аймактык саясат Концепциясынын алкагында медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасы жакшыртылып жатат. Бүт облустардын ооруканалары, балдар клиникаларынын жандандыруу бөлүмдөрү 622 миң долларга жабдуулар менен камсыздалды. Чүй облусунун ооруканалары 1 млн 605 миң долларга 8 рентген, 10 ЭКГ аппараты менен жабдылды. Тез жардам машиналарынын санын көбөйтүү менен биринчи медициналык-санитардык жардамга жеткиликтүүлүк жогорулатылып, 6 жаңы саламаттыкты сактоо мекемеси салынып жатат.

«Каржылоо жакшырганына карабастан, өлкөбүздүн саламаттык сактоо тармагы модернизациялоого, материалдык-техникалык ресурстарын жакшыртууга дагы эле муктаж. Бүгүнкү күндө онкологиялык, жүрөк-кан тамыр, диабет ооруларынан жабыр тарткандардын, энелердин жана ымыркайлардын өлүмү боюнча көрсөткүчтөр салыштырмалуу азайгандыгына карабастан, бул көрсөткүчтөр дагы эле жогору. Буга байланыштуу биз атамекендик медицина тутумун кайра курууга тийишпиз. Республикага чет өлкөлөрдөн келип кыргыз дарыгерлеринен дарыланып кетишчү, биз кыргыз медицинасынын ошол кадыр-баркын кайтарууга милдеттүүбүз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Анын айтымында, 2019-2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү боюнча «Дени сак адам – өнүккөн өлкө» Программасы элибиздин саламаттыгынын көрсөткүчтөрүнүн жакшырышына, сергек жашоо образына, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына, жеткиликтүүлүгүнө багытталган.

Премьер-министр баса көрсөткөндөй, Программанын айрым жагдайларын толуктап иштеп чыгуу кажет. Саламаттык сактоону реформалоонун негизги максаты – медициналык кызматтардын ар бир жаранга жеткиликтүүлүгү үчүн шарт түзүү болуп саналат. Ошондой эле Программада аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен алыскы жана бийик тоолуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөргө кызмат көрсөтүүлөр эске алынышы керек.

Жыйынтыгында Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кызматтык милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн сөгүш берүүнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий