• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: Биздин өндүрүүчүлөрдөн мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү менен атамекендик бизнести өнүктүрүп жатабыз

Өкмөт 0

Бишкек, 17.10.19. /Кабар/. Атамекендик өндүрүүчүлөрдөн мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү менен атамекендик бизнести өнүктүрүп жатабыз. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ушул маселе боюнча кеңешмеде билдирди, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«Биздеги товарларды, тейлөө кызматтарын биз эмнегедир башка өлкөлөрдөн аларыбызды баарыбыз билебиз. Тагыраагы – бул бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууга жатпайт. Муну баары билишет. Эсиңиздерде болсо 2018-жылы 2019-жылдын бюджетин сунуштап жатып биз мамлекеттик сатып алуулар башка эрежелер боюнча ишке ашырыларын убада кылганбыз. Бул үчүн биз «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргиздик. Алардын бири мамлекеттик документтерге тийиштүү, тагыраагы биз аларга тапшырык бербестен, өз өлкөбүздө жасашыбыз керек. Экинчи өзгөртүү бизге импорттук товардан 20% кымбат болсо дагы атамекендик өндүрүштөгү товарларды сатып алууга мүмкүндүк берет. Бул бизнести колдоонун дагы бир кадамы жана башка өлкөгө кетип жаткан акчалар бизде калат. 9 айдын жыйынтыгы боюнча натыйжалар жаман эмес», - деп баса белгиледи премьер-министр.

Алсак, Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен электрондук мамлекеттик сатып алуулар боюнча 60 млрд сомго жакын суммага 53 870 сынак ийгиликтүү өткөн. Анын ичинен товар сатып алууга - 31,1 млрд сом, тейлөө кызматтарына - 16,1 млрд сом жана иш сатып алууга 12,5 млрд сом кеткен. 9 744 сынак боюнча атамекендик товар өндүрүүчүлөргө жеңилдиктер берилген. Ушул эле мезгилде жалпысынан 346 сынак преференция алышкан.

Премьер-министрге билдирилгендей, 2019-жылдын сентябрынан тарта сынактык документацияны тариздөөдө ички товар өндүрүүчүлөр үчүн сатып алуу суммасына жараша милдеттүү түрдө 20% чейин жеңилдик көрсөтүү чектөөсү киргизилген. Бул адистердин пикиринде, сатып алуучу уюмдарга пландалган бюджетке жараша жеңилдиктерди бир түргө келтирүүнү шарттайт.

«Мен бул чектөөнү алып салуу керек деп эсептейм. Тагыраагы «чейин» деген сөздү. Ар бир товар өндүрүүчү бул жеңилдикти алуу укугуна ээ болсун. Биз атамекендик ишканаларды бизнести өнүктүрүү үчүн өзүбүз түзгөн шарттар менен чектебешибиз керек. Бул пунктту карап чыгуу зарыл», - деди өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий