• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Абылгазиев атамекендик тигүүчүлөрдүн костюмдарын артык көрөрүн айтты

Өкмөт 0

Бишкек, 16.11.18. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкекте тигүү өндүрүшүнүн жумалыгынын алкагында өтүп жаткан жогорку денгээлдеги форумда өзүнө жана үй-бүлөөсү үчүн ата-мекендик тигүүчүлөр тиккен кийимдерди алууну артык көрөрүн айтты.

Анын айтуусунда, жергиликтүү тигүүчүлөр тиккен кийимдер сапаты жагынан жана ыйгайлуулугу менен көптөрдү артка калтырат.

“Мен атамекендик тигүүчүлөрдүн тиккен костюмдарын артык көрөм, анткени биздикилерден алсаң – арзан, сапаттуу жана адамга жакшы отурат. Кечээ күнү мен биздин тигүүчүлөрдөн чапан сатып алып, чоң эне, чоң аталарымды жана өзүмдүн бала чагымды эстедим. Чапандын сапаты абдан жакшы жана өзү ыңгайлуу экен”, - деп кабарлады Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий