• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башкы директорунун орун басары Ян Дачжу менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 20.06.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директорунун орун басары Ян Дачжу менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы Техникалык кызматташуу программасы боюнча Кыргызстанга уюм тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди.

«Кыргызстан МАГАТЭ үчүн ишенимдүү өнөктөш экенин баса белгилегим келет. Биздин өлкөгө көрсөтүлүп жаткан техникалык жардам өз максаты үчүн кызмат кылып, радиациялык жана ядролук коопсуздукту бекемдеп, элге көрсөтүлгөн өзөктүк медицина тармагында кызматтын сапаты жакшыртылууда. Бул биздин өлкөбүз үчүн негизги максаттардын бири болуп саналат. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигине онкологиялык ооруларга каршы күрөшүүдө көрсөтүлүп жаткан жардамдын өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгилегим келет. Буга байланыштуу, техникалык кызматташтыктын ушул компонентине көңүл бурууңуздарды суранам», - деди премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев азыркы учурда өзөктүк медицинанын, брахитерапия жана нур терапиясына тиешелүү жана лабораторияларды бекемдөө, үй жандыктарынын дарттарын жана тамак-аш азыктарын тестирлөө системасын жакшыртууга багытталган эки мыйзам иштелип чыкканын билдирди.

«Кыргызстан тарабынан 2018-2022-жылдарга карата Өлкөлүк рамкалык программага кол коюлганы, кыргыз тараптын техникалык кызматташтыгын кеңейтүүгө даяр экенин көрсөтүүдө», - деп кошумчалады өкмөт башчы.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директорунун орун басары Ян Дачжу өзүнүн Кыргызстанга болгон биринчи сапарына, өкмөт башчы менен жолугушуусуна жана бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуулар күтүлүп жатканына кубанычта экендигин билдирди.

«Биздин уюм аткарып жаткан иштерге жогорку баа бергениңизге ыраазычылык билдиргим келет. Биз республиканын туруктуу экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө, өзөктүк илимге жана технологияларга болгон кызыгуусун алдыга жылдыруусун канааттануу менен баса белгилей алабыз. МАГАТЭ Кыргызстан менен натыйжалуу кызматташууга жана өнөктөштүк мамиле түзүүгө даяр», - деди Ян Дачжу.

Ошондой эле жолугушууда тараптар бир катар маанилүү маселелер боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий