• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев «Азаттык» радиосунун иликтөөсүнө байланыштуу кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0


Бишкек, 04.06.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Азаттык» радиосунун журналисттик иликтөөсүндө айтылган фактыларды текшерүүнүн жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө «Азаттык» радиосунун журналисттик иликтөөсүндө айтылган фактыларды тыкыр текшерүү иштеринин жүрүшү талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаев маалымдагандай, «Азаттык» радиосунун журналисттик иликтөөсүндө айтылган акча каражаттарын чыгарып кетүү фактылары боюнча ведомствонун корутундусу 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине өткөрүп берилген. 2016-жылы бул корутунду кайрадан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлгөн.

«Журналисттик иликтөөдө айтылган компаниялар, адам аттары, өлкөдөн чыгарылган каражаттын суммасы көрсөтүлгөн корутунду аталган мамлекеттик органдарга өткөрүп берилген. Учурда финансылык чалгындоо кызматы финансы полициясы менен биргеликте өлкөдөн 700 млн АКШ долларын чыгарып кетүү фактыларын кайрадан иликтеп жатат. Кеп «Дордой» жана Кара-Суу базарлары, ошондой эле Түркияга жана Европа өлкөлөрүнө акча которуулар тууралуу болуп жатат», - деди ал.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев териштирүүнү тездетүү тапшырмасын берди.

«Тыкыр жана объективдүү тергөө жүргүзүү эле эмес, коомчулукту өз убагында маалымдоо зарыл. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча далилдерге негизделген, объективдүүлүгү талашсыз, акыркы маалыматтар жарандарга берилүүгө тийиш», - деп баса көрсөттү Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий