• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Абылгазиев «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган фактыларды текшерүүнү тапшырды

Коом 0

Бишкек. 31.05.19 /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Азаттык» радиосунун журналисттик иликтөөсүндө айтылган фактыларды тыкыр текшерүүнү тапшырды. Бул тууралуу ал «КТ Мобайл» компаниясынын ишмердүүлүгү боюнча депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматы, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жана Улуттук банкы менен биргеликте «Азаттык» радиосунун журналисттик иликтөөсүндө айтылган фактыларды дыкат текшерүүнү тапшырды.

Премьер-министр ошондой эле эске салгандай, кечээ жакында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүүнү тездетүү жана коомчулукка объективдүү жана толук маалымат берүүнү тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий