• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев Азия футбол конфедерациясынын башчысы, шейх Салман бин Ибрагим аль-Халифа менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 27.09.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Азия футбол конфедерациясынын (АФК) башчысы, шейх Салман бин Ибрагим аль-Халифа менен жолугушту.

Өкмөт башчы мейманды кыргыз жергесинде тосуп алууда Азия футбол конфедерациясын шейх Салман бин Ибрагим аль-Халифа жетектегенине байланыштуу футбол азия континентинде кеңири жайылып, динамикалуу түрдө өнүккөн спорттун түрүнө айлангандыгын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө футбол – бул жөн эле спорттун түрү эмес, ал – спорттун ушул түрү менен алектенген миллиондогон адамдардын жашоо образы. Биздин республикада футбол ар жыл сайын популярдуулукка ээ болуу менен миңдеген адамдарды катарына кошууда», - деп эсептейт Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, республикада АФК колдоосу астында футболду өнүктүрүгө багытталган бир нече долбоорлор ишке ашырылган.

«Белгилей кетүүчү нерсе, атамекендик футболдун тарыхындагы башкы жетишкендиктердин бири - 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган футбол боюнча Азия Кубогуна футбол боюнча Улуттук курама команданын биринчи жолу катышуусу, - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. – Тандоо баскычы канчалык оор болгонун баарыбыз билебиз, бирок буга карабастан, биздин спортчулар алдыдагы Азия Кубогуна жолдомо алышты. Мындан тышкары сиздердин биздин Футбол федерациясына көрсөткөн колдооңуздарды ыраазычылык билдирүү менен белгилеп кетким келет. Сиздер жүргүзгөн реформалар өз жемиштерин берип жатат, силерди Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы гана эмес, Азия өлкөрүнүн башка футболдук ассоциациялары дагы колдошот. Бул силердин туура жолдо бара жатканыңарды айтып турат».

Мындан тышкары Премьер-министр өлкө Өкмөтү спорттун командалык түрлөрүн, биринчи кезекте футболду, мындан ары да колдоону улантуу ниетинде экенине басым койду.

Өз кезегинде Азия футбол конфедерациясынын башчысы (АФК) шейх Салман бин Ибрагим аль-Халифа кошумчалагандай, Кыргызстанга сапардын жүрүшүндө өлкөдө футболду өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча пландар кеңири талкууланууда.

«Биз башка мамлекеттердин жетекчилери менен футболду өнүктүрүү тууралуу сүйлөшүп жатканда, мен объективдүү кыйынчылыктарга карабастан, бул багытта эң зор жыйынтыктарга жетишип жаткан Кыргызстанды дайыма мисалга келтирем», - деди Салман бин Ибрагим аль-Халифа.

Ал белгилегендей, акыркы жылдары АФК Кыргызстанда бир катар долбоорлорду, анын ичинде чакан футбол талааларынын курулушун ишке ашырды. «Бул долбоордо Кыргызстан эң алгачкы, флагман өлкө болду. Биз Кыргызстанда долбоорлорду колдоону жана жүзөгө ашырууну мындан ары да улантууну пландаштыруудабыз», - деди Салман бин Ибрагим аль-Халифа.

Өз кезегинде Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Салман бин Ибрагим аль-Халифаны Өкмөт тараптан Азия футбол конфедер

Пикир

Оставить комментарий