• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев Бүткүл дүйнөлүк банктын аймактык директору Лилия Бурунчук менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 08.10.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бүткүл дүйнөлүк банктын Борбор Азиядагы өлкөлөр боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук менен жолугушту, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Өкмөт башчы Бүткүл дүйнөлүк банктын өлкөнүн социалдык жана экономикалык өнүгүүсүндөгү жана республикадагы жакырчылыктын кыскарышындагы маанилүү ролун белгилеп, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бүткүл дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасынын ишенимдүү өнөктөшү болуп саналат. Биз үчүн олуттуу болгон социалдык-экономикалык маселелердин чечилишиндеги жемиштүү кызматташууга ыраазычылык билдиребиз. Өлкөнүн тышкы карызы акыркы үч жылда ИДП карата 2015-жылдагы 64% дан 34% чейин кыскарган. Эл аралык резервдер болсо, 2014-жылдагы кризистин алдындагы деңгээлден ашып, 2,2 млрд долларга жетти. Бул көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу, 110,0 млн долларга көп», - деди Премьер-министр.

Премьер-министр Бүткүл дүйнөлүк банк жарыялаган Бизнести башкаруу – 2020 рейтингинде республика реформатор өлкөлөрдүн ТОП-20сына кирди.

«Мамлекет аймактарды өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берет, калкты ичүүчү таза суу жана сугат суусу менен камсыз кылуу маселесине, аймактарда инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүп жаткан ишкерлерди колдоого, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө жана айыл чарбасын колдоого чоң маани берүүдө жана күч жумшоодо. Ошол эле учурда Өкмөт Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашырууну тездетүү үчүн болгон күчун жумшайт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өз кезегинде Бүткүл дүйнөлүк банктын Борбор Азиядагы өлкөлөр боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук өлкөдөгү оңдуу өзгөрүүлөргө, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк банк менен Кыргыз Республикасынын кызматташтыгынын оң натыйжаларын кубануу менен белгиледи.

Ал аймактарды өнүктүрүү, билим берүү чөйрөсү жана салыктык башкаруулар боюнча даярдалып жаткан бирдиктүү долбоорлор тууралуу айтты.

Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы үчүн бекитилген лимиттеги 110 млн доллар көлөмүндөгү кошумча инвестиция тартуу маселесин да талкуулашты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт Бүткүл дүйнөлүк банктын Директорлор кеңешинин бекитүүсүнө жолдоо үчүн долбоорлорду иштеп бүтүрүүнү тездетүүгө даярдыгын жана Кыргыз Республикасы менен Бүткүл дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташуу мындан ары дагы жемиштүү болооруна ишеним артаарын белгиледи.

Белгилей кетсек, жолугушууга Бүткүл дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар да катышты.

Пикир

Оставить комментарий