• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында ишембиликке катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 15.09.18 /Кабар/ Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 15-сентябрда, Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакчада өткөн ишембиликке катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлери менен биргеликте Ботаникалык
бакчаны тиричилик таштандысынан жана куураган чөптөрдөн тазалашты. Ишембиликтин жүрүшүндө Өкмөт башчы белгилүү эколог, биология илимдеринин доктору Эмил Шүкүров жана эколидерлер Мария Колесникова, Жанна Зылаутдинова менен жолугушту.

Алар Өкмөт башчыга өздөрүнүн экологиялык ишмердүүлүктөрү, анын ичинде Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакчаны сактоо жана өнүктүрүү
боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып беришти. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, Өкмөт ботаникалык бакчаларды жана жаратылыш парктарын сактоого багытталган демилгелерди колдойт.

«Биз ботаникалык бакчаларды шаардыктар жана шаар коноктору арасында кыйла жайылтуу үчүн таасирдүү механизмдерди биргелешип иштеп чыгууга тийишпиз. Ошону менен бирге мында илимий бөлүгү да өнүгүүсү кажет», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

- Учурда шаарларда адамдар бош убактыларын өткөрүп, ден соолуктарын чыңдоосу үчүн жашыл аймактарды түзүү иштери жүрүп жатат».

Өкмөт башчы айрыкча белгилегендей, шаарларда жашыл аймактарды өнүктүрүүнүн таасирдүү моделин иштеп чыгуу кескин чечим болуп саналат,
ал өсүмдүктөр дүйнөсүнүн ар түрдүүлүгүн сактоого жана көбөйтүүгө, ошондой эле жалпы экологиялык абалды жакшыртууга шарт түзөт.

«Биз жарандык активисттердин жана ыктыярчылардын экологиялыкишмердигин толук колдойбуз. Алардын аткарган иштерин колдоонун
алкагында жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу технологияларына өтүүгө өбөлгөлөө жана желим буюмдарды колдонуудан баш тартуу боюнча чаралар көрүлүүдө», - деп баса көрсөттү Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий