• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев: Баңги заттарын мыйзамсыз сатууга каршы туруу маселесин комплекстүү чечүү КМШ боюнча актуалдуу

Өкмөт 0

Бишкек, 25.10.19. /Кабар/. Коопсуздуктун олуттуу чакырыктарына жана коркунучтарына байланыштуу баңги заттарын мыйзамсыз сатууга каршы туруу маселесин комплекстүү чечүү КМШ боюнча өнөктөш-мамлекеттер үчүн актуалдуу болуп саналат.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Сколково» инновациялык борборунда өткөн (Россия Федерациясы, Москва шаары) Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин чакан курамындагы жыйынында билдирди.

«2000-жылдын 30-ноябрындагы баңги заттарын, психотроптук заттарды жана прекурстарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө КМШга мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндөгү Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколго кол коюну кыргыз тарап колдойт», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы КМШнын алкагында уран өндүрүшүнүн таасирине дуушар болгон территорияны рекультивациялоо боюнча Мамлекеттер аралык максаттуу программаны жүзөгө ашыруу боюнча да сүйлөп, дал ушул чөйрөгө колдоого көрсөткөн россиялык жана казак тарапка ыраазычылык билдирди.

«Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Борбор Азиядагы мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстандагы уран калдыктары бар жерлердеги экологиялык тобокелчилик, бардык аймак үчүн коркунуч алып келе турган олуттуу маселе болуп саналат. Буга байланыштуу биз радиоактивдүү булганычтан айлана-чөйрөнү сактоо үчүн экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жаратылыш чөйрөсүн калыбына келтирүү маселелерин өз учурунда чечүүгө өзгөчө маани беребиз. Бул максаттуу программага катышкан мүчө-мамлекеттердин аймагында радиоэкологиялык кесепеттерге алып келе турган өзгөчө кырдаалдар коркунучун азайтуу маанилүү экенин түшүнүү менен, кыргыз тарап Кеңештин тийиштүү чечимин кабыл алууну колдойт жана бул калктын жашоо-турмушундагы коопсуз шарттарды мындан ары да камсыз кылуу, ошондой эле Борбор Азиядагы жаратылыш объектилерин экологиялык реаблитациядан өткөрүүнү шарттайт деп ишенебиз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиева.

Премьер-министр КМШ өлкөлөрүнүн оюндарын өткөрүү тууралуу сөз кылып, бул демилге дене тарбияны жана спортту жайылтууга жакшы өбөлгө түзөт.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумун 2020-жылдын 29-майында Өзбекстан Республикасынын борбору Ташкент шаарында өткөрүү сунушун колдойт.

Сөзүнүн аягында Премьер-министр бүгүнкү Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунун жыйынтыгы КМШ өлкөлөрүнүн конструктивдүү өз ара аракеттешүүсүнө жакшы негиз болуп берерине ишенерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий