• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев «Балдар өмүрүн сактайлы!» радиомарафонунун фондуна 200 миң сом бөлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 31.05.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Балдар өмүрүн сактайлы!» радиомарафонунун фондуна 200 миң сом бөлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова «Биринчи радио» тарабынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте Балдарды коргоонун эл аралык күнүнүн алдында уюштурулган радиомарафондун жүрүшүндө билдирди.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бардык балдарды майрамы - Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап, радиомарафондун уюштуруучуларына 200 миң сомдук сертификат тапшырды.

«Балдарды коргоо күнү баарыбызды маанилүү маселе - балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, алардын саламаттыгы, билим алуу жана тарбия маселелерин чечүүнүн айланасында бириктирет. Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү балдарга байланыштуу маселелерди тутумдуу чечүүгө өзгөчө көңүл бурат. Алсак, оор турмуштык кырдаалга кабылган балдардын электрондук базасы түзүлдү. Бул система тиешелүү мамлекеттик органдарга интеграциялуу жана ыкчам иштөөгө шарт түзөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык кызматкерлерин делегирлөө маселеси чечилди. Документтештирүү боюнча улуттук компания даярдалып жатат, анын алкагында буга чейин ар кандай себептер менен туулгандыгы тууралуу күбөлүк албаган балдарга күбөлүк берүүнү жөнөкөйлөштүрүү каралган. Бул чаралардын баары балдардын, айрыкча аярлуу балдардын маселелерин комплекстүү чечүүгө багытталган», - деп белгиледи ал.

Вице-премьер-министр ата-энелерди жана жакындарды балдарга сүйүү, мээрим жана жагымдуу маанай тартуулоого чакырды.

«Балдарга ар бир күнү кубаныч жана бакыт тартуулагыла. Ар аткан таңда аларды кучагыңарга кысып, колдоо сөздөрүн айтканды унутпагыла. Ар дайым балдарыбыздын жүзүндө жылмаюу болсун», - деп баса белгиледи Алтынай Өмүрбекова.

Белгилей кетсек, акциянын алкагында чогултулган бардык акча каражаттары Бишкек шаарындагы № 3 Балдардын шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына багытталат.

Пикир

Оставить комментарий