• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: “Балдардын бала бакчага барбаганы уят”

Өкмөт 0

Бишкек, 15.11.18. / Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин отурумунда мамлекеттик бюджетти талкуулоо учурунда “балдардын бала бакчага барбаганы уят” деп айтып чыкты.

Анын айтымында балдар бала бакчаларда тарбияланышы керек.

“Биз бул маселени бюджеттин эсеби менен чече албайбыз. Ошондуктан ишкерлер үчүн шарттарды жеңилдетишибиз керек. Себеби, бала бакчаларды куруу бизнес катары саналбайт”, - деди ал.

Өкмөт башчы мамлекет-жеке жак өнөктөштүгү маселесин карап чыгуу зарылдыгын кошумчалады.

“Мисалга, мамлекет жер берет, ишкерлер бала бакча курат”, - деди М.Абылгазиев.

Белгилей кетсек, кечээ Жогорку Кеңештин отурумунда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргызстанда дээрлик 400 миң бала бала бакчага барбай турганын айткан.

Пикир

Оставить комментарий