• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев балдарга карата катаал мамиле кылуу боюнча чараларды күчтөндүрүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 25.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев балдарга карата зомбулуктун алдын алуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү жана аларга карата катаал мамиле кылуунун жана зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу боюнча чараларды күчтөндүрүүнү тапшырды.

Тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышкан жыйында Өкмөт башчыга балдарга карата катаал мамиле кылуу фактылары көбөйгөндүгүн эске алуу менен балдарды зомбулуктан коргоо боюнча кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө маалымат берилди.

Премьер-министр компетенттүү мамлекеттик органдарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коом институттары менен тыгыз байланышта балдарга карата катаал мамиле кылуунун жана зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу боюнча чараларды күчтөндүрүүнү жана аталган көйгөйдү чечүүдө бирдиктүү натыйжалуу кадамдарды иштеп чыгуу үчүн балдарды коргоо маселесин комплекстүү каралуусун камсыздоону тапшырды.

«Биринчи кезекте үй-бүлө институтун чыңдоо жана өнүктүрүү , үй-бүлөлүк мамиледеги рухий салттардын сакталышы, ошондой эле балдардын укугун жана кызыкчылыктарын камсыздоо маселеси боюнча калктын маалыматын жогорулатуу боюна ишти жүргүзүү маанилүү. Алдын алуу иш-чараларын күчөтүп, орун алган фактыларга ыкчам жооп кайтаруу керек. Ошондой эле мындай кылмыштарга барган жактардын гана эмес, компетенттүү органдардын тийиштүү кызматкерлеринин, анын ичинде укук коргоо органдарынын аракетсиздиги жана жоопкер мамилеси үчүн кылмыш жоопкерчилигин катаалдатуу зарыл. Мындай учурда жоопкерчиликтен баш тарта албоо принциби так жана катаал ишке ашырылуусу керек», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр балдарга карата катаал мамиле кылуунун жана зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу боюнча райондук штабдардын ишин жандандырууну жана аларды шаар мэрлери жана райондук мамлекеттик райондук администрация башчыларынын жетекчиликке алуусун тапшырды.

«Алар укук коргоо органдары, социалдык мекемелер жана калк менен активдүү иш алып баруусу тийиш. Алардын ишин так координациялап, калк менен иш алып баруусун активдештирүү керек. Токтоосуз түрдө үймө-үй кыдырууларды уюштуруп, ата-энелерисиз туугандарынын колунда тарбияланып жаткан балдардын маалыматтык базасын түзүү керек. Бул мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары күч-аракетин топтоштуруп, натыйжалуу иш алып баруулары үчүн керек. Социалдык кызматтар жана жергликтүү бийлик өкүлдөрү мындай балдардын абалынан такай кабар алып турушу зарыл, анткени, дал ушул балдар зомбулукка дуушар болуп калууда», – деп белгиледи ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев коомчулукту аталган көйгөйгө ынтаа коюу менен мамиле кылууга чакырды.

«Жарандар бизди курчап турган адамдарга – балдар тарбияланып жаткан үй-бүлөлөргө жана коңшуларга , сиздердин балдарыңыздар менен мектепке жана бала-бакчага чогуу барган балдарга кайдыгер болбошу керек. Алгачкы кооптуу белгилер байкалганда эле токтоосуз тийиштүү кызматтарга билдирип, 111 ишеним телефонуна байланышса болот. Биздин эл дайыма жакындарына жылуу мамиле кылуусу, боорукердиги менен айырмаланып келген жана бүгүнкү түзүлгөн абал өзгөчө кооптонууну жаратат. Коңшу үйлөрдө орун алып жаткан чоңдордун балдарга карата зомбулугуна кош көңүл мамиле кылууга болбойт. Жалпыбыз биргеликте гана биз бул көрүнүшкө каршы туруп, балдарды ар-түрдүү кырсыктан сактай алабыз», – деп белгиледи Премьер-министр. – Балдар ар дайым мамлекеттин жана коомдун коргоосу астында турушу керек. Биздин балдардын копсуздугу маселеси жалпыбызга тийиштүү маселе».

Премьер-министр Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана райондук администрация башчыларына балдарды зомбулуктан коргоонун көрсөтүлгөн чараларын ишке ашыруусу үчүн жеке жоопкерчилик жүктөдү.

Өкмөт башчы ошондой эле укук коргоо органдарына балдарга карата зомбулук көрсөтүү боюнча акыркы фактыларды тыкыр иликтеп чыгууну жана күнөөлүү жактарга мыйзам алкагында катаал чараларды көрүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий