• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев: "Балыкчы-Корумду" унаа жолунун курулушу эс алуучуларга ыңгайсыздыктарды жаратпоого тийиш

Өкмөт 0

Бишкек, 06.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 6-июлда, Ысык-Көл облусу боюнча эки күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө "Балыкчы-Корумду" унаа жолунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

КРнын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымдагандай, бүгүнкү күнү "Балыкчы-Корумду" жолунун 33төн 43,5-чакырымына чейин жана 85тен 104-чакырымына чейин асфальтбетон жаткыруу иштери аяктаган. Ошондой эле жолдун 23-33-чакырымдарында эски асфальтбетон катмарын кырып таштоо жана негизги катмарды жаткыруу иштери жүрүүдө.

Иштерди 2018-жылдын августуна чейин аяктоо пландалууда. Ал ошондой эле үстүбүздөгү жылы жалпысынан "Балыкчы-Корумду" жолунун жалпы узундугунун 71 чакырым курулушу бүткөрүлөрүн кошумчалады.

Өкмөт башчы белгилегендей, курулуш иштерин жайкы туристтик мезгилде эс алуучуларга ыңгайсыздыктарды жаратпастан, бекитилген график боюнча жүргүзүү зарыл. Премьер-министр курулуш иштери үчүн мамлекеттик бюджеттен кошумча каражаттар бөлүнөрүн, буга байланыштуу финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну катуу көзөмөлдөөнү камсыздоо керектигин баса көрсөттү.

Мындан тышкары ал ырастагандай, "Лонг-Хай" жалданма компаниясы субподрядчик компаниялардын маселелерин тез арада чечүүсү зарыл. Премьер-министр жол жээгиндеги инфраструктураларды жакшыртуу жана жолдун курулушу аяктаган тилкелерди тазалоо иштерин бүткөрүүнү тапшырды.

Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл районунун Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунун ишмердиги менен таанышты. "Манас" Эл аралык аэропорту" ААКнын инвестициялык жана инфраструктуралык өнүктүрүү дирекциясынын директору Абдумалик Бусурманкулов билдиргендей, 2015-жылы "Ысык-Көл" аэропортунун учуу-конуу тилкелерин 3800 метрге чейин узартуу, жаңы рулеждик жолчонун курулушу жана перронду кеңейтүү иштери аяктаган.

Мындан тышкары аэродромду жаңы жогорку интенсивдүү тутум, жаңы навигациялык-конуу жабдуулары менен камсыздоо иштери, ошондой эле "Ысык-Көл" аэродромун электр тутуму менен камсыздоо, учурдагы аэробекет комплексин кеңейтүү иштери аяктап, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн жаңы перрондук автобустар сатып алынган.

2016-жылдын августунан тарта жаңы жабдуулар эксплуатацияга берилип, аэродром күнү-түнү иштеп жатат. Абдумалик Бусурманкулов кошумчалагандай, туристтик мезгилде "Ысык-Көл" аэропорту Россия (Новосибирск), Казакстан, Өзбекстан, Бишкек жана Оштон каттамдарды кабыл алат.

Өкмөт башчы белгилегендей, туристтик мезгилде эс алуучулардын аба каттамдарына суроо-талабын тийиштүү түрдө камсыздоо маанилүү болуп саналат. Премьер-министр "Ысык-Көл" аэропортунда иштеген чек ара жана бажы кызматтарынын жеке курамы келген меймандарга кичипейил жана сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрү керектигин баса көрсөттү. Ошондой эле ал белгилегендей, кызматтардын кызматкерлеринин тил билүүсүн жакшыртуу кажет.

Өкмөт башчы чет элдик туристтер менен сүйлөшүүдө алар үчүн түзүлгөн шарттарга кызыгып, ошондой эле аэропорттун ишмердигин жакшыртуу боюнча алардын сунуштарын укту. Муну менен бирге аэропорттун туристтерди кабыл алууга толук даярдыгын камсыздоо тапшырылды. Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле аэропортту Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында брендге айлантууну тездетүүнү милдеттендирди.

Пикир

Оставить комментарий