• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев Балыкчы-Корумду унаа жолунун реконструкциясынын жүрүшү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 18.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 18-августта, Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында Балыкчы-Корумду унаа жолунун реконструкциясынын жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев Өкмөт башчыга жүргүзүлүп жаткан жол иштери жана унаа жолунун негизги тилкелериндеги көпүрөнүн курулушу тууралуу билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, жолчулар курулуш иштеринин сапатын камсыздоого, бардык заманбап коопсуздук талаптарына жооп берген унаа жолун өз убагында аяктоого тийиш.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Балыкчы-Корумду унаа жолунун кыймыл кыйла көп тилкелеринде, ошондой эле белгиленген мөөнөттө ири пансионаттарга баруу жолдорунда курулушту аяктоо үчүн каржылоо маселелерин ыкчам түрдө чечүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий