• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев: Бардык экологиялык маселелер адамдардын саламаттыгын эске алуу менен чечилиши керек

Өкмөт 0

Бишкек, 03.05.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экология жана урбанистиканын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн жарандык активисттер менен жолугушту.

Жолугушуунун модератору «Эко Деми» коомдук фондунун түзүүчүсү Айжан Чыныбаева иш-чараны ачып жатып белгилегендей, жаштарды экологиялык тарбиялоого жана тийиштүү мамлекеттик органдардын ишин жакшыртууга зор көңүл буруу зарыл.

«Мамлекеттик органдар калк тарабынан тиешелүү колдоого ээ болушу керек. Булгануу менен күрөшүү жана таштандыларды тазалоодо заманбап санариптик технологияларды колдоонуу – варианттардын бири катары. Дагы бир актуалдуу маселе жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте таштанды жайларынын санариптик картасын түзүү зарылдыгы болуп саналат. Мындан тышкары белгилей кетсем, аймактарга таштанды кайра иштетүүчү компанияларды тартуу максатында бизге морфологиялык курамын изилдөө үчүн республика боюнча таштанды жайлар жөнүндө көбүрөөк маалымат керек», - деди Айжан Чыныбаева.

Экологдор жана «Эко Деми», «Инициативы Арча», «Убранистика», «Велосообщество», «Прима» коомдук уюмдарынын жарандык активисттери мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мындан ары карай биргелешип кызматташуу боюнча өз сунуштарын айтышты.

Анын ичинде республикада таштандыны кайра иштетүү жана экологиялык тең салмактуулукту сактоо жаатында заманбап технологияларды пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө тийиштүү сунуштар ортого салынды.

Бир катар активисттер Ысык-Көл көлүнүн аймагындагы биосфералык экотутумду сактоо жана туристтерди тартуу, жер-жерлерде жашоо сапатын жакшыртуу максатында шаарларды өнүктүрүү жагдайлары тууралуу пикирлерин билдиришти. Мындан тышкары туристтерди тартуу үчүн бүтүндөй Кыргыз Республикасынын аймагында массалык маданий иш-чараларды өткөрүү сунушталды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жасалган иштер жана айтылган идеялар үчүн экологдорго жана жарандык активисттерге ыраазычылык сөзүн айтты.

«Бүгүн козголгон маселелер колдоого алынып, аларды илгерилетүүгө аракеттешүү көрсөтүлөт деп ишендирем. Эгерде экологияны сактоого биз чара көрбөсөк, анда балдарыбызга эмнени калтырып кетебиз? Жакында эле Эл аралык атом энергиясы боюнча агенттиги менен өз ара аракеттешүү программасына кол койдук. Белгилей кетсем, булгануу жана таштандыга каршы күрөштө кыйла натыйжалуу иш жүргүзүү үчүн Өкмөт бул багыттагы иштерди тутумдаштырууга тийиш. Бул маселелердин бардыгы адамдардын ден соолугун эске алуу менен чечилиши керек. Мындан тышкары жарандардын ыңгайлуу жашоосу үчүн калктуу аймактардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө көңүл буруу кажет», - деди Өкмөт башчы.

Иш-чаранын соңунда Премьер-министр катышуучуларга жолугушууда көтөрүлгөн маселелерди чечүүнүн үстүндө активдүү жана мамлекеттик органдар менен биргеликте иштөөнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий