• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Абылгазиев: Бардык муктаждарды азык-түлүк менен камсыз кылабыз

Өкмөт 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. «Мамлекет эч кимди көңүл буруусуз жана камкордуксуз калтырбайт – бардык муктаждарды азык-түлүк менен камсыз кылабыз», - деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусундагы кеңешмеде билдирди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Өзгөчө абал жарыяланып, коменданттык саат киргенине бир жума болду. Көпчүлүк жарандарда тамак-аштын запасы бар. Бирок аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө азык-түлүктүн запасы азаюуда. Биз мындай көйгөйгө кабылган ар бир үй-бүлөгө кам көрүшүбүз керек. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш жеткирүү иши башталды. Биз чындыгында мындай жардамга муктаждарды көңүл буруусуз калтырбашыбыз керек. Бул үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте кыска мөөнөттүн аралыгында бардык тизмени кайра карап чыгып, дыкат жана терең талдоо жүргүзүүгө тийиш», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Бул жерде сөз калктын социалдык жактан аярлуу катмары, кыйынчылыктарга туш болгон жана керектүү тамак-аштын запасын алууга мүмкүнчүлүгу жоктор тууралуу болууда. Бишкек шаары боюнча социалдык маанидеги 35 миң азык-түлүктүн топтомун таркатуу пландаштырылууда.

«Буга катар гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдө ар дайым үй-бүлө курамын эске алуу керек. Белгилей кетсем, Өкмөт өз жарандары үчүн тамак-аштын тийиштүү көлөмүн бөлөт. Мамлекеттин резервдери бар, бирок көмөк көрсөтүү механизми ачык-айкын жана натыйжалуу болушу керек. Бардык тийиштүү каражаттар жетиштүү өлчөмдө бөлүнөт», - деп белгиледи Премьер-министр.

Өкмөт башчы мекендештерге өзгөчө кырдаал эрежелерин түшүнүү менен кабыл алып, аны сактап жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Жарандар мындай чектөөлөр эмне себептен киргизилгендигин жакшы түшүнүшөт жана ага өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылууда. Өкмөттүн негизги максаты – жардамдарга муктаждарга кам көрүү. Муктаж жактарга жардам толук көлөмдө көрсөтүлөөрүнө ишендирип кетким келет. Тез арада кадимки жай турмушка кайтуу үчүн ар бирибиз өз ишибизди мыкты аткаруубуз керек», - деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий