• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев Башкортостан башчысынын милдетин аткаруучу Хабиров менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Башкортостан Республикасынын (Россия Федерациясы) Башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Радий Хабиров менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Өкмөт башчы мейманды кыргыз жеринде жылуу тосуп алды жана Башкортостан Башчысынын сапары эки элдин терең тарыхый жана маданий байланыштарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жана Башкортостан Республикасынын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы күч берерине ишеним билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев Радий Хабировду Башкортостандын түптөлүшүнүн 100 жылдыгы менен куттуктап жана республикага бакубатчылык жана өнүгүүнү каалады.

Өкмөт башчы кыргыз-россия стратегиялык кызматташуусу жана өлкөлөрдүн өнөктөштүк алакалары жогорку даражада, ошондой эле бардык деңгээлде, анын ичинде аймактар аралык байланыштар менен өнүгүп жатканын канааттануу менен билдирди, бул эки жактуу кызматташууну мазмундуу толуктоого шарт түзөт.

Жолугушууда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында өткөн VIII кыргыз-россия аймактар аралык конференциясынын, ошондой эле эки өлкөнүн ЖОЖдор ректорлорунун форумунун жыйынтыктары талкууланды.

Мухаммедкалый Абылгазиев жана Радий Хабиров эки жактуу кызматташуунун оң динамикасын белгилешип, сапардын жүрүшүндө кол коюлган республикалардын Өкмөттөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу жөнүндө Келишимдерди натыйжалуу ишке ашыруу үчүн «жол картасын» кабыл алуунун маанилүүлүгүн баса көрсөтүштү.

Пикир

Оставить комментарий