• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: Башталган бардык иштер жана демилгелер 2020-жылы улантылат

Өкмөт 0

Бишкек, 11.11.19. /Кабар/. «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү социалдык шарттарды жакшыртуу боюнча максаттарды ишке ашыруу үчүн зарыл. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңири жыйынында айтты.

Өкмөт башчы билдиргендей, 2019-жылдагы республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жаңы экономикалык божомолдун негизинде сунушталууда.

«2019-жылдын аягына чейин чыгашалар 165,3 млрд сомдун тегерегинде болжолдонду. Бул бекитилген бюджеттен 3,4 млрд сомго көптүк кылат. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү социалдык чөйрөгө өзгөчө көңүл бурат. Бардык пландаштырылган долбоорлор жана социалдык төлөмдөр өз убагында жүргүзүлүүдө. Президенттин программасынын алкагында 1-октябрдан тарта 120 миң мугалимдин эмгек акысы көбөйтүлдү. Бул үчүн кошумча 1 млрд 742 млн сом табылган. 2020-жылы мугалимдерге жогорулатылган айлык төлөө үчүн 8 миллиард сом талап кылынат. Мындан тышкары гемодиализге 322,8 млн сом кошумча каралды. Маданий объекттерди оңдоого 238 млн сом багытталган. «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча бөлүнгөн каражаттар дээрлик эки эсеге көбөйтүлүп, 6,0 млрд сомду түздү», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр киргизилип жаткан бардык өзгөртүүлөрдүн актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн белгилеп, аларды колдоону суранды.

«Башталган бардык иштер жана демилгелер 2020-жылы улантылат. Санариптештирүүнүн алкагында биз экономиканы электрондук форматка өткөрөбүз. Башкы негиздердин бири – салык процедураларын фискалдыштыруу. Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн алкагында ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо уланмакчы. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан «РСК банк» ААКга жергиликтүү ишкерлерди колдоо үчүн 35 млн АКШ доллары бөлүнөт. Мындан тышкары Кумтөр кенинин ишинин алкагындагы рекультивациялоо фондунун каражаттары экономиканы өнүктүрүүгө жумшалат», - деп билдирди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, башталган иш жана демилгелерди улантуу менен бирге 2020-жылы бир катар маанилүү иш-чаралар күтүлүүдө, алар чоң салымдарды талап кылат.

«Кеп калкты каттоо, укук коргоо органдарын реформалоо, ата мекендик спортчулардын Түркиядагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Токиодогу Олимпиада оюндарына катышуусу тууралуу болуп жатат. Аны менен катар өлкөдө маанилүү саясий иш-чара пландалган – бул парламенттик шайлоо. Пландалган чыгашалардын суммасы 916 млн сом. Биз бул шайлоону таза жана ачык өткөрүүгө тийишпиз. Муну менен бирге Өкмөт мектептер маселесин түп тамырынан чечүүгө, республикада бир дагы авариялык мектептин болбошуна жетишүүгө максат коюуда. Алдыдагы иш-чаралардын маанилүүлүгүн эске алуу менен Сиздерди «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорлорун колдоону суранам», - деп жыйынтыктады Премьер-министр.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча депутаттар айтылган сын-пикирлерди эске алуу «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорлорун колдошту.

Пикир

Оставить комментарий