• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Абылгазиев Баткен облусуна барды - фоторепортаж

Өкмөт 0

Бишкек, 20.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев эки күндүк жумушчу сапары менен Баткен облусуна барды.

Өкмөт башчы сел жүргөн Лейлек районунун Чимген жана Катран айылдарына, Баткен районунун Кара-Бак айылына барып, ошондой эле турак үйлөрдүн жана көпүрөлөрдүн абалы менен таанышты.

Мындан тышкары Премьер-министр Исфана-Кайрагач унаа жолунун Сүлүктү шаарындагы Кызыл-Бел тилкесинин жана Кулунду-Батыш тилкесиндеги көпүрөнүн курулушунун абалы менен таанышып чыкты.

Сапардын жүрүшүндө Мухаммедкалый Абылгазиев Кайрагач тилкесиндеги жана Лейлек районунун Кулунду айылында талаа иштеринин жүрүшү менен таанышып, чектеш Максат айылынын жашоочулары менен жолугушту.

Жумушчу сапарынын соңунда Премьер-министр Баткен шаарында бир катар социалдык объектилердин жана кайра иштетүү ишканаларынын абалы менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий