• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев: Бажы көзөмөлүнүн күчөтүлүшү өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жакшыртат

Өкмөт 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. Өлкөнүн көзөмөл-өткөрүү жайларында бажы көзөмөлүнүн күчөтүлүшү өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жакшыртат, товарларды жаап-жашырууга жол берилбей, ачык-айкындуулук болот. Мунун баары бажы жана салык жол-жоболорун фискалдаштыруу системасын киргизүү менен жүзөгө ашырылат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Биз бажы тармагын толугу менен санариптик тейлөөгө өткөрөбүз. Муну менен адамдык факторду жок кылабыз. Азыр этап-этап менен бардык бажы посттору заманбап техникалар менен жабдылууда. Мунун бары азыр көпчүлүк күмөн санап жаткан ачык-айкындуулукту камсыз кылууну шарттайт. Чек арадагы ушул иштерди реалдуу убакытта көрүп турса болот. Бул ар бир жаран көзөмөл-өткөрүү жайларында абал кандай экенин көрүп турууга мүмкүнчүлүгү бар. Мындан ары бул система «Түндүк» тутуму менен байланыштырылат. Бул аракеттер аркылуу коңшу өлкөлөр менен көп жылдан бери чиеленип калган статистикалык маалыматтарга чекит коюлат. Муну менен катар «Ак-Тилек», «Чалдовар» жана «Чоң-Капка» өткөрүү жайларында автоматташтырылган салмак-габариттик көзөмөлдөө системасын орнотуу иштери аяктап калды. 9 пунктта 472 видеобайкоо камералар иштеп жатат, 5 өткөрүү жайында инспектордук-текшерүү комплекси орнотулууда. Анын бирөө колдонууга берилди», - деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр бул иштерге инвесторлорду тартуу керектигин белгиледи.

«Биз бажы чөйрөсүндөгү терминалдарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принцибин киргизүү керек деп эсептейбиз. Бул кандайдыр бир товар ортодон жоголуп кетет деген күмон саноону жокко чыгарат», - деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы бажыдагы коррупциялык схема боюнча журналисттик иликтөө тууралуу дагы оюн билдирди.

«Өкмөт көмүскө экономикага каршы күрөшүү боюнча жарандардын демилгестин колдойбуз. Ошондой эле айтылган маалыматтарды иликтөө үчүн тергөө тобу түзүлдү. Бардык кыззыкан жарандарды катышууга чакырам. Ошол эле учурда бул боюнча иштей турган депутаттык комиссиянын жумушуна колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Белгилей кетүүчу жагдай, 2020-жылдын 1-январынан тарта бардык май куюучу станцияларда товарларды каттоо боюнча автоматташтырылган система иштеп баштайт. Ага ылайык, көзөмөлдөөчү-кассалык машиналар аркылуу берилген чек болмойунча унаага май куюулбайт. 2020-жылдын 1-июлунан тарта бардык алкоголдук жана тамекиге электрондук маркировкалоо киргизилет», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий