• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Абылгазиев: Бажы тармагынын санариптик кызмат көрсөтүүгө өтүшү - иштин ачыктыгын камсыздайт

Аймак 0

Бишкек, 11.12.19. /Кабар/. Бажы тармагынын санариптик кызмат көрсөтүүгө өтүшү менен биз бардык кызматтардын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жетишебиз. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусундагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү жайынын инспектордук-текшерүү комплексин ишке берүү салтанатында билдирди.

«Жаңы автоматташтырылган система жүктөрдүн декларациясын туура эмес толтуруу, бажы чек арасы аркылуу товарлардын өтүүсүнүн ылдамдыгынын төмөндөөсүн алдын алат, ошондой эле коррупциялык тобокелчиликтерди жоюуну шарттайт. Биз бул үчүн бажы тармагындагы кызмат көрсөтүүнү санарипке өткөрүүдөбүз жана адам факторун жоюп жатабыз. Учурда бардык бажы посттору заманбап техникалар менен этап-этап болуп жабдылууда. Көпчүлүктү күмөн санаткан иштердин ачык-айкындуулугун жалпыга көрсөтөт. Чек арадагы абалды реалдуу убакыттагы режимде карап турса болот», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ата мекендик экономика үчүн гана эмес, жалпы эле Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн экономикасы үчүн да маанилүү ролду ойнорун белгиледи.

«Өткөрмө-көзөмөл жайларын заманбап техника менен жабдуу Кыргыз Республикасынын интеграциялык биримдикке кирүү «Жол картасында» каралган. Биздин өлкөнүн Евразия биримдигине катышуусу оң натыйжаларды берип жатат. Өткөрмө пункттар эң алдынкы заманбап техника менен жабдылып жатканын көрүп жатабыз. Бул өлкөдөгү экинчи инспектордук-текшерүү комплекси. Үчүнчү өлкөлөр менен чек арада бардыгы болуп 6 комплекс орнотулмакчы. Биринчи кезекте биз товар жүгүртүү жылына 2 млрд АКШ долларын түзгөн Кытай Эл Республикасы менен чек арада комплексти орноттук. Биздин чек ара аркылуу эмне өтүп жатканын билген маанилүү. Анын үстүнө бул Евразия экономикалык биримдигине ачылган дарбаза» - деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы бажы кызматынын кызматкерлери ак ниет иши менен өлкөнүн чек арасын аткезчилик товардан кайтарууга укуктуу экендигин далилдей турганына ишеним билдирди.

Ал ошондой эле Россия Федерациясынын жетекчилигине өткөрмө-көзөмөл жайларды модернизациялоодо көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, бажы инфраструктурасы жаатында өз ара иштешүү өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташуунун жогорку деңгээлин дагы бир ирет ырастайт деп баса көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий