• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев: Билим берүү менен саламаттыкты сактоо жаатында учурда 104 жаңы объект курулуп жатат

Өкмөт 0

Бишкек, 04.08.18 /Кабар/. Билим берүү менен саламаттыкты сактоо жаатында учурда 104 жаңы объект курулуп жатат. Бул тууралуу Өкмөттүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

«2018-жылдын январь-июнунда ИДПнын көлөмү 213,6 млрд сомду түзүп, өсүш өткөн жылга салыштырмалуу 0,1% түздү. “Кумтөр” кенин кошпогондо өсүш 2,1%ды болду. Орточо жылдык инфляция 102,3%ды түздү. Экономикалык өсүш дээрлик бардык секторлордо байкалат. Айыл чарбасы боюнча аба ырайынын жагымсыз шарттарына жана күйүүчү-майлоочу материалдардын дүйнөдө кымбаттап кеткенине карабастан өсүш 1,6% болду. “Айыл чарбасын каржылоо-6” долбоору боюнча 6 айдын ичинде республикалык бюджеттен 4,7 млрд сом бөлүндү. Айдоо жерлери 1214,9 миң гектарды түзүп, 7,8 миң гектарга көбөйгөн», - деди Премьер-министр.

Ал ошондой эле билдиргендей, өнөр жайдагы дүң продукция 108,7 млрд сомго өндүрүлгөн.

«Курулуш секторунда дүң продукция көлөмү бардык каржылоо булактарын кошкондо 46 млрд сомго каржыланды. Кыргыз Республикасы дүйнөнүн 118 өлкөсү менен соода-экономикалык байланыштарды жүргүзөт. Экспорт 681 млн АКШ долларын, импорт – 2,1 млрд АКШ долларын түздү», - деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчынын айтымында 2018-жылдын 1-августуна карата республикалык бюджеттин киреше бөлүгү боюнча, атайын каражаттарды кошпогондо 78,1 млрд. сом план коюлган, аткарылышы – 79,3 млрд сом жана өткөн жылга салыштырмалуу өсүш 6,1% түздү.

«Корголгон беренелер боюнча: эмгек акы, жөлөкпул, стипендия, пенсияга, медикаменттерге кеткен жана башка чыгымдар толук көлөмдө каржыланып жатат. Аймактарды өнүктүрүү элибиздин жашоо-турмушун жакшыртуу, өлкөнүн өндүрүштүк потенциалын жогорулатуу максатында өсүү точкалары аныкталып, 20 шаардын бизнес-пландары иштелип чыгууда. Мындан тышкары Калкты турак жай менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсына кошумча 500 млн сом каражат республикалык бюджеттен бөлүнүп берилди. Аймактарда чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү максатында «Кепилдик фонд» ААКнын уставдык капиталы 300 млн сомго көбөйтүлдү», - деп белгиледи Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле маалымдагандай, быйыл билим берүү менен саламаттыкты сактоо жаатында учурда 104 жаңы объект курулуп жатат.

«Бүгүнкү күнү 19 объекттин курулушу аяктаган. 1-сентябрга чейин дагы 35 объект, анын ичинде Өзгөн, Чоң-Алай, Лейлек райондорунда өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жабыркагандардын ордуна салынган 16 объект ишке берилет», - деди Премьер-министр жана Өкмөттүн ишмердигиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири «Түндүк» тутумун киргизүүнү аягына чыгаруу жана «Акылдуу шаар» долбоорунун бир бөлүгү «Коопсуз шаарды» ишке ашыруу экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий