• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев: Билим – бул өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүнүн кепилдиги

Өкмөт 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. Билим – бул өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүнүн кепилдиги. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусундагы Араван районунун Төбө-Коргон айыл аймагындагы А.Умаров атындагы орто мектептин ачылышында билдирди.

«Учурда дүйнөдө мунай же алтын эмес, билим негизги байлык болуп саналат. Адам билимсиз ийгиликке жетише албайт, инсан катары калыптана албайт. Балдарды мектепке барган алгачкы күнүнөн баштап окууга болгон ынтызарлыгын, сапаттуу билим алуу менен өз өлкөсүн, айылын же шаарын өнүктүрүү тилегин ойготуу керек», - деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы быйыл жалпы өлкө боюнча 400гө жакын социалдык объект курулуп жатканын, алардын ичинен 100дөн ашыгы – булар билим берүү мекемелери экенин белгиледи.

«Бул объектилердин баары бирдиктүү стандарт боюнча, бардык шарттары менен курулду жана шаардагы мектептерден кем калышпайт. Бирок мен бул жерден башканы белгилегим келип турат. Эгерде мектепте мазмун, тагыраак айтканда, сапаттуу билим берилбесе мектептерди салуунун мааниси жок. Бул жерде мугалим чоң роль ойнойт. Балдардын кандай билим алары сиздерден гана көз каранды. Азыр маалыматтык технологиялар кылымы, негизинен балдар маалыматты интернет түйүндөрүнөн алат. Мугалимдер биздин доордун акыркы жетишкендиктерин өз ишинде активдүү колдонот жана окуучулардын ар кандай суроолоруна кыйналбай, жеңил жооп берет деп ишенем»,- деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр октябрдан тарта мугалимдердин айлыгы 30%га чейин жогорулаганын эске салды.

225 орунга ылайыкталган А.Умаров атындагы мектептин курулушу «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча республикалык бюджеттин эсебинен 2014-жылы башталган. Объекттин наркы 40,5 млн сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий