• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев: "Билимге салынган ар бир каражат эселеп кайтарым берет, ал жалпы коомдун бакубаттуулугун камсыздайт"

Өкмөт 0

Бишкек, 01.09.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 1-сентябрда, Бишкек шаарындагы №25 орто мектептеги Билим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Өкмөт башчы мектеп окуучуларын жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен жылуу куттуктады.

«Өкмөт билим берүү тутумунун муктаждыктарын толук канааттандырып, андагы ырааттуу ишти камсыздоо багытында чоң иштерди аткарып жаткандыгын белгилеп кетким келет. Мамлекет тараптан бюджеттик каражаттын 18%дан ашууну, же болжол менен 30 млрд сом билим берүүгө багытталат. Бүгүн өлкөбүздүн булуң-бурчтарында жаңы 27 мектеп окуучуларга эшигин ачып жаткандыгы абдан кубанычтуу. Буга катар жыл соңуна дейре дагы 52 билим берүү объектиси ишке берилет, мында заманбап мектептерди курууга басым жасалат. Бардык мектептер интернет менен 100% камсыз болот», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчынын айтымында, Интернетке карай жеткиликтүүлүк окуучулардын билим сапатын арттырууга мүмкүндүк берди.

«Алсак, быйылкы жылы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча, алгач ирет өлкөнүн бардык региондорунун окуучулары алтын сертификатка ээ болду, буга дейре шаардык окуучулар гана мындай сертификаттарга ээ болгон. Адамдык мүмкүнчүлүктү өстүрүү максатында биринчи класстар үчүн англис тилин киргизүү боюнча иштер жүрүүдө, ал эми быйылкы окуу жылынан тарта 5-класстан жогору карай англис тилин окутууга сааттар көбөйтүлүүдө. Биздин балдар үч тилди: кыргыз, орус жана англистилин эркин билүүсү керек”, - деди премьер-министр.

Өз сөзүндө Өкмөт башчы мыйзамсыз менчиктештирилип, же сатылып кеткен бала бакчалардын имаратын кайтаруу боюнча иштерди улантуу маанилүү экендигине басым жасады.

«Учурда 73 бала бакчаны артка кайтаруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бала-бакчаларда электрондук кезек күтүү тутуму ишке киргизилүүдө, ушундай эле тутум мектептерде киргизилет», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле Өкмөт тараптан билим берүү тармагынын кызматкерлерин ипотека боюнча пайыздык үстөктү төмөндөтүү жолу менен жеткиликтүү турак-жай менен камсыздоо маселеси чечилүүдө. Быйылкы жылы мугалимдердин эмгек өргүү акысы өз учурунда жана толугу менен төлөнүп берилиши маанилүү.

Буга катар Өкмөт башчы белгилегендей, мектептерди аккредитациялоо жүргүзүлүп, анда билим берүү сапаты олуттуу реформага муктаж экендиги аныкталган.

«Окуу жүктөмүн бөлүштүрүү боюнча киргизилип жаткан натыйжалуу тутум билим берүү сапатын камсыздап, мугалимдин эмгек акысына таасирин тийгизет. Жаңы креативдик ыкмалар жана заманбап компьютердик технологияларга ээ болбогон мугалимдер өзүнүн кесипкөйлүгүн жогорулатуу тууралуу ойлонушу кажет. Өлкөгө мыкты даярдалган кадрлар керектелет. Аймактарда онлайн тутумуна кошулуу менен инновациялык мектептер иш алып барат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал белгилегендей, балдардын коопсуздугун камсыздоо – Өкмөттүн маанилүү милдети.

“Ириде жолдордогу коопсуздукту камсыздоо зарыл. Бүгүнкү күндө шаар жана айылдарда, анын ичинде мектептердин жанында жол белгилери, фото-видео-фиксация тутумдары орнотулууда. Авариялык абалдагы жана капиталдык ремонтко муктаж мектептер жакынкы жылдары талапка ылайык абалга келтирилиет. Бул маселелер жакынкы жылдары толугу менен чечилиши керек”, - деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ар-кыл себептер боюнча мектепке барбаган балдардын көйгөйүн чечүү маанилүү маселелердин бири болуп саналарын баса белгиледи.

«Мугалимдер менен катар ата-энелер да баланын тарбиясы жана окуусу үчүн жоопкерчилик алышат. Мектепке барбай калган балдардын ата-энелери аларды каражат табууга жумшашат. Биз бул көйгөйдү чечүүбүз керек, керек болгон учурда, баланын келечеги тууралуу ойлонбогон ата-энелерди жоопкерчиликке тартуу керек», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчынын айтымында, заманбап жашоонун келечеги – жогорку инновациялык технологиялардын жана глобалдык илимий жетишкендиктер болуп саналат жана бул шартта биздин балдар жогорку билимдүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү болуусу кажет.

«Биз сиздер менен биргеликте бул ишке көмөктөшүүбүз керек. Эл аралык аналитиктердин иликтөөлөрү көрсөткөндөй, билимге карата салынган ар бир каражат эселеп кайтарым берет, ал келечекте жалпы коомдун бакубаттуулугун камсыздайт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жыйынтыгында Өкмөт башчы Бишкек шаарындагы №25 орто мектепке кошумча компьютердик класс үчүн жабдуу алууга сертификат тапшырды.

Маалымдама: Бишкек шаарындагы №25 орто мектеп долбоордук кубаттуулугу 800 орунга жеткизилип, толугу менен реконструкцияланган. Реконструкция учурунда мектептин чатыры, жылытуу, суу менен камсыздоо, жарыктандыруу тутуму модернизацияланып, тышкы жасалгалоо иштери аткарылган, кабинеттердеги эшик-терезелер жана эмеректери алмаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий